Социалдык фонд Пенсиялык фонд деп өзгөрөт

13-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 29

Социалдык фонддун тутумуна өзгөрүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Биз азыр пенсиялык реформаларды жүргүзүүгө даярдыктарды көрүп жатабыз. Жакынкы келечекте бул ведомство социалдык эмес, дүйнөлүк практикада колдонулгандай  Пенсиялык фонд деп аталат. Жөлөк пулдар Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги тарабынан төлөнөт», — деди Жапаров.

Анын айтымында, Социалдык фонд өкмөттүн түзүмүнө кирбеши керек.

 «Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз», — деди ал.

13-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X