«Социалдык контракт» ишкерликке жол ачты. 31 адамдын жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашты

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122

«Социалдык контракт» программасынын алкагында ишин баштаган 31 ишкер жылына 1 миллион сомдон ашык киреше табууга жетишти. Алардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик колдоону 2022–2023-жылдары алып, чакан бизнесин өнүктүрүп, кирешесин көбөйтө алышкан.

2022-жылдан бери программа аркылуу өлкө боюнча аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен жалпы 59 354 социалдык контракт түзүлгөн. Демилгенин негизги максаты — жарандарга өз алдынча киреше табууга шарт түзүү, ишкердикти колдоо жана үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатуу.

Жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан 31 ишкердин бизнеси төрт негизги багытта өнүгүүдө:

  • 10 ишкер — кызмат көрсөтүү тармагында;
  • 9 ишкер — өндүрүштө;
  • 8 ишкер — соода-сатыкта;
  • 4 ишкер — айыл чарбасында.

Программанын катышуучуларынын бизнес-долбоорлору да негизинен ушул багыттарды камтыйт. Алардын 73,3 пайызы айыл чарбасына, 13,8 пайызы өндүрүшкө, 6,7 пайызы соода-сатыкка жана 6,2 пайызы кызмат көрсөтүүгө туура келет.

Натыйжага жетүү үчүн убакыт керек

Жылына 1 миллион сомдон ашык киреше тапкан ишкерлердин басымдуу бөлүгү программадан 2022–2023-жылдары колдоо алган. Бул чакан бизнести өнүктүрүү, туруктуу кардарларды топтоо жана кирешени көбөйтүү үчүн убакыт талап кылынарын көрсөтөт.

«Социалдык контракт» программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөн гана каржылык жардам көрсөтүү менен чектелбестен, өз бизнесин түптөөгө, туруктуу киреше булагын түзүүгө жана экономикалык жактан өз алдынча болууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X