"Эркин-Тоо"

Согуш ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлап, тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгондугун билдирди.
Маалыматта аталган чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынгандыгы айтылды.