Сокулук районунда үй өрттөндү

25-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кырсык 26

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Ак-Ордо конушунда жалпы аянты 100 ч.м. болгон турак үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, 25-октябрга караган сутка ичинде Кыргызстандын аймагында жалпы 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Ош шаары 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X