Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоочу торлор тазаланды
Бүгүн «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Ак-Талаа жана Жумгал райондук милиция кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүндө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын коргоо максатында рейддик иш-чара өткөрүштү.