Соң-Көлдө канаттууларды алыстан байкоого шарт түзгөн жаңы жай пайда болду
Нарын облусундагы Соң-Көлдө жаратылышты коргоо жана экологиялык туризмди өнүктүрүү багытында дагы бир маанилүү кадам жасалды. Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Батай-Арал аймагында жапайы канаттууларды байкоого арналган 7 метрлик атайын кароо курулмасы орнотулду.
Жаңы объект «Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Темир конструкциядагы кароо жайы адистерге суулуу-саздак жерлерди байырлаган канаттууларды алардын табигый жашоо чөйрөсүнө тоскоолдук жаратпай байкоого жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эми Соң-Көлгө келген эс алуучулар да атайын дүрбү аркылуу канаттууларды аларга жакындабай, коопсуз аралыктан көрө алышат. Бул жаратылышка болгон мамилени өзгөртүп, экологиялык туризмдин маданиятын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Соң-Көл — Борбордук Азиядагы маанилүү суу-саздак аймактардын бири. Анын көлмө жана жээк аймактары өрдөктөр, мойноктор, чулдуктар жана башка көптөгөн суу жээгинде жашаган канаттуулар үчүн маанилүү мекен болуп саналат.
Адистердин айтымында, мындай инфраструктура бир эле учурда үч багытты — жаратылышты коргоону, илимий мониторингди жана экологиялык агартууну айкалыштырат.
Алдыда Соң-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо, жапайы жаныбарларга тынч шарт түзүү жана жаратылышка аяр мамиле кылган экологиялык туризмди өнүктүрүү боюнча иштер улантылат.