"Эркин-Тоо"

Сооронбаев Манасбек Раишбекович

Сооронбаев Манасбек Раишбекович

Кичи мекени:

Жалал-Абад облусу, Аксы району, Ак-Суу айылы.

Туулган жылы:

1957-жыл, 15-февраль.

Билими: Жогорку.

1973-жылы Ак-Суу орто мектебин бүтүргөн.

1983 — жылы Фрунзедеги Политехникалык институтунун “Өнөр жай жана граждандык курулуш” факультетин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1983-жылдан баштап ФПИнин Кара-Көл шаарындагы кечки факультетте окутуучу болуп иштөөдөн баштаган.

1987-жылы Украинанын Киев шаарындагы инженердик-курулуш институтунун “Сызма геометрия жана машиналык, инженердик графика” кафедрасында илимий иштерин жүргүзүп, ошол эле окуу жайдын аспирантурасында билим алган.

”Прикладдык геометрия жана инженердик графика” адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн мурда жактаган.

Техника илимдеринин кандидаты.

1994 — жылга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл шаарындагы инженердик факультетинин “Электроэнергетика” кафедрасын түзүп, аталган кафедранын башчысынын милдетин аткаруучу болгон.

1995-2007-жылдары ЖАМУнун Таш-Көмүр технологиялык факультетинин деканы;

2007-жылдан бери ЖАМУнун Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык институтунун директору болуп эмгектенип келет.

Кырктан ашуун илимий методикалык иштери бар. Булардын ичинен бир монография жана 2 автордук күбөлүгү бар.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 4 жолку депутаты.

Сыйлыктары:

1997-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен доценттик илимий даражага ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  Жалал-Абад областтык мамлекеттик админстрациясынын, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын, инженерлеринин 1-съездинин делегаты.

Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиялык кеңешчиси.

ЖАМУнун эмгек сиңирген ишмери. Таш-Көмүр шаарынын Ардактуу атуулу.

Үй-бүлөлүк абалы:

Үй-бүлөлүү.Эки уул, бир кыздын атасы.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!