Совет доорунан бери оңдолбогон жол заманбап магистралга айланды

28-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 188

Ош шаарында жол инфраструктурасын жаңылоонун алкагында Курманжан датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки 2 чакырымдык тилкеси толугу менен жаңыланды. Бул жол совет доорунан бери капиталдык оңдоодон өтө элек болчу.

Жаңыланган жолдун абалы менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жеринен таанышты.Возможно, это изображение дорога и улица

Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жол 24 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү заманбап магистральга айланды. Эки катмар асфальт төшөлүп, жаңы тротуарлар салынды. Мындан тышкары, ирригациялык арыктар жаңыланып, жол чийиндери түшүрүлдү.

Жаңы тилкенин ишке берилиши менен бул аймактагы унаа кыймылы жеңилдеп, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук менен ыңгайлуулук жогорулады.

28-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 188
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X