СПИДке бекер тест тапшыруу өнөктүгү өтөт
СПИДге каршы күрөшүү боюнча бүткүл дүйнөлүк күнгө карата Кыргызстанда бир айлык өнөктүк жүрөт. Бул тууралуу Республикалык «СПИД» борбору маалымдады.
Маалыматка ылайык, өнөктүк ноябрь айында башталат. Бул мезгилде жарандарга «СПИД» кызматынын бардык бөлүмдөрүнөн шилекейден аныктаган экспресс-тесттерди акысыз жана купуя түрдө тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Анонимдүү тестирлөөдөн өткөрүү ири гипермаркеттерде да уюштурулат.
Республикалык «СПИД» борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотовдун айтымында, ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, жакындарынын жана коомдун алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек.
«ВИЧке кабылагандарды дарылоо өлкөдө заманбап жана натыйжалуу ыкмаларды колдонуу жолу менен жүргүзүлөт. ВИЧ-статусту аныктоо үчүн тест тапшыруу керектелет. ВИЧти шилекейден аныктаган экспресс-тест каалаган медициналык мекемеде кеңири жеткиликтүү. Эгерде сиз өзүңүздүн ВИЧ-статусуңузду билгиңиз келсе, анда болгону ушул тесттен өтүү керек», — дейт Айбек Бекболотов.
Маалымат иретинде: 2021-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө ВИЧке чалдыккандардын саны 10 328ге жеткен. 2021-жылдын 9 айында Кыргызстанда 400 миңден ашуун адам ВИЧке текшерилсе, анын ичинен 598 адамдан илдет аныкталган, 81,3 пайызы илдетти жыныстык жол менен жугузуп алганы белгилүү болгон.