Сталбек Бактыгуловдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 62

2026-жылдын 9-октябрында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залында Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Сталбек Бактыгуловдун 70 жылдык мааракесине арналган «Эскерүү кечеси» өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышып, композитордун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сөз сүйлөдү. Ал Сталбек Бактыгуловдун кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө кошкон салымын, улуттук музыкалык искусстводогу ордун жана бай чыгармачылык мурасын белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек

Концерттин жүрүшүндө эстрада ырчылары композитордун чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу музыкалык маанай тартуулашты.

Эскерүү кечеси композитордун чыгармачылыгын даңазалоого, анын мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө жана кыргыз музыкасынын руханий байлыгын сактоого багытталды.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X