Стамбулда нөшөрдүн кесепети: Унаалар сууда калды, мектептер жабылды

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 129

Түркиянын Стамбул шаарында нөшөрлүү жаандан улам бир катар аймактарды суу каптады. Айрым жерлерде бир суткада чарчы метрге 242 килограммга чейин жаан жааган. Бул 1985-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

Жаандан улам көчөлөрдү, тоннелдерди, жер алдындагы өтмөктөрдү, үйлөрдү жана дүкөндөрдү суу каптады. Унаалар сууга чөгүп, айрымдарын агын суу көчөлөрдөн агызып кеткен.

Бир сутканын ичинде чукул кызматтарга 2,5 миңден ашык кайрылуу түшүп, суу каптоонун 1 277 учуру катталган.

Нөшөрлүү жаанга байланыштуу бүгүн Стамбулдагы мектептерде сабактар токтотулду. Бийлик тургундарды зарылчылык болбосо, үйлөрүнөн чыкпоого чакырды.

Шаардын айрым аймактарында катуу жаан дагы деле уланууда.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X