Стамбулдун Ататүрк маданий борбору кайрадан ачылды
Шаардын жана дүйнөнүн төрт бурчунан миңдеген туристтердин кызыгын туудурган Стамбулдагы Ататүрк маданият борбору 29-октябрь Республика майрамында өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда салтанаттуу түрдө эшигин ачты.
Аталган борбор Маданият жана туризм министрлиги тарабынан 2,5 жылда 2 миллиард лирага толугу менен жаңыланды. Акыркы технология менен жабдылган 2040 орундуу 49 миң чарчы метрлик опера театры жыл бою ачык болот. Борбордо ошондой эле 802 орундуу 16 300 чарчы метр театр залы, 410 чарчы метр аянтты ээлеген АМБ галереясы жана AМБ көп функциалуу залы да бар. Жогоруда аталган залдардан тышкары, AБМде галерея, балдар чыгармачылык борбору, музыка аянтчасы, үн жазуу студиясы жана музыка, искусство, архитектура жана дизайн сыяктуу атайын темалар үчүн маалымат алуу борбору катары даярдалган китепканадан турган 100 000 чарчы метрге жакын ички бөлүмдөрү бар. Жаңыланган комплексте “АБМ Yesilçam” кинотеатры жана Дизайн дүкөнү сыяктуу объектилер, ошондой эле солисттер жана оркестрлер үчүн репетиция бөлмөлөрү, ресторандар, кафетерия, китеп кафелери, устаканалар, административдик жана техникалык жайлар бар.
AМБ, Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги тарабынан Түркиянын бүгүнкү күнгө чейин эң чоң искусство жана маданият долбоорлорунун бири катары курулган Бейоглу Маданий Жолуна жасалган эң маанилүү инвестициялардын бири болуп саналат. Борбор маданий проспектинин башаты болуп эсептелүү менен бирге, анын ачылышы Маданият жана туризм министрлиги тарабынан долбоорлонгон “Бейоглу маданий маршруту эл аралык фестивалынын” башталышы болуп эсептелет.
Президент Режеп Тайып Эрдоган менен Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой катышкан Стамбулдагы Ататүрк маданий борборунун ачылыш аземине бизнес, искусство жана илимдин көрүнүктүү ишмерлери, бейөкмөт уюмдарынын, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келди.
too.kg/wp-content/uploads/2021/11/zh1-a.jpeg?v=1635746137″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=24821″ class=»wp-image-24821″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/11/zh1-2.jpeg?v=1635746141″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=24822″ class=»wp-image-24822″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/11/zh1-3.jpeg?v=1635746144″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=24823″ class=»wp-image-24823″ />