Студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: КУАУ менен «Оазис Агро» адистерди биргелешип даярдайт

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136

14-октябрда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) менен «Оазис Агро» компаниясынын ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

Документке университеттин ректору Нурзат Тотубаева жана компаниянын башкы директору Лунд Майк Джонатан кол коюшту.

Кызматташтыктын негизги максаты — жогорку билим берүү менен өндүрүш тармагынын байланышын бекемдөө жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоо.

Меморандум университеттин студенттерине теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, өндүрүштүн заманбап талаптары менен таанышууга жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.

Ошондой эле тараптардын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу каралган.

Университеттин маалыматына ылайык, бул макулдашуу билим берүү тармагы менен бизнестин кызматташтыгын кеңейтүүгө жана айыл чарба тармагы үчүн талап кылынган адистерди даярдоого багытталган.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X