Сулайман Рысбаев, профессор: Көчмөндөр оюну — элдик педагогиканын чоң мектеби
Көк бөрү, ордо, эр эңиш, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндар кыргыз элинин күчүн, шамдагайлыгын гана эмес, тарыхын, мүнөзүн жана дүйнө таанымын да чагылдырат. Профессор Сулайман Рысбаев Көчмөндөр оюнунун улуттук мурасты сактоодогу жана дүйнөгө жайылтуудагы мааниси тууралуу ой бөлүштү.
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюну кыргыз элинин ата-бабадан калган кандай баалуулуктарын дүйнөгө таанытып жатат?
– Кыргыз эли өзүнүн түптүү цивилизациясын түзүп, көчмөндөргө мүнөздүү руханий, экономикалык жана социалдык системалардын негизинде жашап келген. Ошондой эле өзүнүн педагогикалык идеялары, моралдык-этикалык кодекстери менен жашаган байыркы элдердин бири болуп эсептелет. Ошол муундан-муунга өтүп келген салт-санаа, нарк-насил бүгүнкү күнгө чейин жетти. Бүгүнкү күндө «кыргыз наркы» деген түшүнүк кыргыздардын көчмөн цивилизациясынын философиясы, кыргыздын көчмөн турмушунун энциклопедиясы десек болот. Кыргыздын оозеки түрдө сакталып келген жазылбаган мыйзамдары, нарктары бүгүнкү күнгө чейин жашап келүүдө. Кыргыз эли ошол нарктарын, моралдык-этикалык жазылбаган кодекстерин кийинки муундарга өткөрүп, дүйнөгө таанытуунун жолдорун издеп, аларды жайылтып жатат. Анын ичинде улуттук намыс, мекенчилдик, меймандостук, ар-намыстуулук, топуктуулук, айкөлдүк сыяктуу баалуулуктар бар. Кыргыз эли ушул баалуулуктардын баарын дүйнөгө таанытып жатат десек болот. Бул баалуулуктар башка элдердин нарктары менен да айкалышып, жалпы адамзаттык баалуулуктарга айланып жатат деп ишенсек болот.
– Көчмөндөр оюну сиз үчүн жөн гана спортпу же ата-бабалардын мурасын уланткан чоң маданий майрамбы?
– Көчмөндөр оюнун дүйнөлүк олимпиадалык оюндун көчмөн цивилизациядагы модели, башкача айтканда, дүйнөлүк олимпиада оюндарынын өзүнчө бир багыты катары кароого болот. Мисалы, дүйнөлүк Олимпиада оюндары байыркы гректердин Олимп тоосу, кудайлардын аймагы жөнүндөгү түшүнүктөрү менен байланышып, ошол доордогу баатырдыкты, эрдикти, шамдагайлыкты жана башка мыкты сапаттарды дүйнөгө көрсөткөн. Геракл сыяктуу баатырлардын эрдиктери бүткүл дүйнөгө таанылган.
Кыргыздарда да көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, кыз куумай, ордо жана башка оюндар элдин жашоо-турмушун, рухун, күчүн, шамдагайлыгын жана дүйнө таанымын чагылдырат. Мисалы, ат чабыш аркылуу кыргыздын руху, духу, эч кимден артта калбай жашоого болгон умтулуусу күлүктөрдүн сыпаты, шамдагайлыгы аркылуу көрсөтүлөт.
– Улуттук оюндар кыргыз элинин тарыхын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоодо кандай роль ойнойт?
– Албетте, ар бир улут өзүнүн дүйнө таанымы, тарыхы, философиясы, күндөлүк практикалык турмушу, үрп-адаты менен өзгөчөлөнөт. Тарыхсыз эч бир эл өзүнүн эл экендигин толук сактай албайт. Оюндар дагы тарыхты чагылдырат. Элдин тарыхы, жашоо-шарты оюндар аркылуу кийинки муундарга берилет. Улуттук оюндар кыргыздын өзгөчө адеп-ахлактык мүнөзүн да көрсөтөт. Америкадан, Европадан, Азиянын ар кайсы аймактарынан келген меймандар оюндар аркылуу кыргыз элинин тарыхын, улуттук өзгөчөлүгүн таанып-билиши керек.
Биз конокту тосуп алып, колуна суу куюп, ийилип таазим этип, «келиңиз» деп үйдүн эшигин ачып, босогодон аттатып, сыйлуу конокту төргө өткөрүп, дасторкон жайып, улуттук наркыбызды көрсөтөбүз. Боз үйдүн ичиндеги эр тарабын, аял тарабын, тамактануудагы каада-салттарды, ырым-жырымдарды, улуттук кийимдерди жана буюмдарды көрсөтөбүз. Конок эшикке чыгарда дагы колуна суу куюп, бата тилеп узатабыз. Мына ушунун баары кыргыздын улуттук өзгөчөлүгү. Азиянын башка элдеринде да окшош көрүнүштөр болушу мүмкүн, бирок ар бир элдин өзүнө гана таандык өзгөчөлүгү бар. Биз ошол өзгөчөлүгүбүздү дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек.
– Кыргыздын көк бөрү, эр эңиш, ордо сыяктуу улуттук оюндары элибиздин мүнөзүн кандайча чагылдырат?
– Оюндун түрлөрү көп. Жогоруда айткандай, күчтү, акылды, шамдагайлыкты сынаган, тамаша, шылдың мүнөзүндөгү оюндар да болгон. Баарын талдап көрсөк, ар биринин артында чоң сыр, тарых жана маани жатат. Мисалы, көк бөрү оюнунун тарыхы элдин тоолуу шарттагы жашоо-турмушу менен байланыштуу. Малга тийген карышкырларды жигиттер кармап, бири-бирине ат үстүндө берип, өздөрүнүн шамдагайлыгын, эрктүүлүгүн жана чеберчилигин көрсөтүшкөн. Кийин бул көрүнүш оюнга айланган.
Эр эңиште адам өзүнүн балбандыгын көрсөтөт. Бирок ал жөн гана кара күчкө таянбайт. Ыгы, эрежеси, сыпайылыгы жана адилеттүүлүгү менен күрөшөт. Ал эми ордо оюну аскердик өнөрдүн өзүнчө бир көрүнүшү. Ханды коргоо, сырттан келген душманга чабуул коюу, чабуулга туруштук берүү сыяктуу аскердик өнөрдүн эрежелери оюн аркылуу берилген. Кыргыздар атайын аскердик окууларды өткөрбөсө да, ушундай оюндар аркылуу элдин рухун, биримдигин, күрөшүн, саясатын, аскердик техникасын жана стратегиясын көрсөтүп келишкен. Демек, оюндардын баарында элибиздин баатырдыгы, шамдагайлыгы, күчтүүлүгү, эрктүүлүгү жана аскердик чеберчилиги чагылдырылган.
– Бүгүнкү жаштар Көчмөндөр оюнунан кандай сабак алышы керек?
– Жаштар улуулардын жолун улантып, элдин элдүүлүгүн сактап кала турган чоң күч. Ошон үчүн муундар бири-бири менен байланышат. Кийинки муун мурунку муундун салттарын, нарктарын, адеп-ахлактык эрежелерин, турмушун, социалдык мүнөзүн, каада-салтын үйрөнөт. Улуулардын мамилесинен, жүрүм-турумунан, турмуш-тиричилик маданиятынан сабак алат. Ошол сыяктуу эле көчмөн оюндар аркылуу кийинки муун баатырдык мүнөздү, эрктүүлүктү, эрдикти, акылдуулукту, күчтү, шамдагайлыкты, меймандостукту үйрөнөт. Ошол оюндар аркылуу кыргыз элинин кандай эл экенин да тааныйт.
Албетте, оюндар өткөн жерге жаштардын баары бара албайт. Катышканы да, катышпаганы да бар. Бирок аларды телекөрсөтүүлөрдөн, социалдык тармактардан көрүшөт. Ошондуктан улуттук оюндардагы эрктүүлүктү, эрдикти, маданиятты социалдык тармактарга кызыктуу, сапаттуу контент катары жайылтуу абдан маанилүү. Пайдалуу контент аркылуу жаштарга таасир берүү бул өзүнчө бир педагогика. Көчмөндөр оюну мына ошол кыргыз элинин рухун, духун көрсөтөт.
– Дүйнө элдери Көчмөндөр оюну аркылуу кыргыз элин кандай жактан таанып-билишин каалайт элеңиз?
– Көчмөндөр оюндарынын эрежеси, мүнөзү, күлүктөрүбүз, кыз-келиндердин, карыялардын улуттук кийимдери, манасчылык, комузчулук сыяктуу көптөгөн көрүнүштөр аркылуу кыргыз элин таанып-билишет. Кыргызга сырттан келген адам сенин байлыгыңа же аймагыңа гана көз артпайт. Сенин ким экениңди мамилеңден, кандай адам экениңди жүрүм-турумуңдан билет. Сенин кандай эл экениң мамиле маданиятыңдан көрүнөт. Ошондуктан Көчмөндөр оюну – кыргыз элин таанытуунун чоң каражаты. Анын ичинде кыргыз элинин руху, духу, философиясы жатат. Дүйнө кыргызды дал ошол руху, духу жана философиясы аркылуу таанып-билиши керек.
– «Ата-бабанын мурасын сактоо – келечек муундун милдети» деген сөздү Көчмөндөр оюну менен кандай байланыштырат элеңиз?
– Кыргыз эли башка элдер сыяктуу эле өзүнүн наркы, салты, үрп-адаты, каада-салты жана эрежелери менен жашап, элдүүлүгүн жоготпой келет. Мурастарды кийинки муунга өткөрүп берүү менен улуу муун жаштарды тарбиялайт. Ошондуктан ата-бабанын мурасын сактоо –келечек муундун чоң милдети. Мисалы, XI кылымдагы Махмуд Кашкари, XII кылымдагы Жусуп Баласагын, XVII кылымдагы Нурмолдо, андан кийинки Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Жеңижок сыяктуу залкарлар элибиздин ошол кездеги турмушун, мүнөзүн, баалуулуктарын чагылдыруу менен кийинки муунду тарбиялап келишкен. Мисалы, Жеңижоктун «Аккан суу» чыгармасы аркылуу аккан сууга болгон мамиледен кыргыз элинин жаратылышка болгон көз карашын билебиз. Бул да мурас.
Элди эл кылган нерсе – элдик педагогика. Улуу немис мамлекеттик ишмери Отто фон Бисмарк «Эгер согушта Пруссия жеңишке жетишсе, армиянын жеңиши эмес, Пруссия элинин элдик педагогикасы жеңди деп билем” деп айткан. Ошол сыяктуу эле биздин улуттук оюндардын баары элдик педагогика. Мисалы, куш салуу бул мүнүшкөрдүн билими менен тажрыйбасы. Атты тандоо, таптоо – саяпкердин өнөрү. Манас айтуу – Манастын күчүн, рухун кийинки муунга жеткирүү. Акындардын, комузчулардын, кыякчылардын эмгеги – ата-бабалардан калган мурасты сактап, кийинки муундарга үлгү кылып берип жаткан чоң мектеп.
Ушул жагынан алганда Көчмөндөр оюну элибиздин мурасын сактап гана калбастан, аны дүйнөгө жайылтып жатканы менен өзгөчө баалуу. Келечекте Көчмөндөр оюну дүйнөгө кеңири тарайт деп ишенем. Кийинки оюндарды башка элдер өткөрүшү мүмкүн. Бул шартка жараша чечилет. Бирок кийинки оюндар аркылуу кыргыздын жана жалпы көчмөн элдердин баалуулуктарын башка элдерге жайылтууга, кыргыз элинин рухун, духун таанытууга дагы чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Көчмөндөр оюну – кыргызды дүйнөгө таанытуунун чоң каражаты, чоң жолу. Мына ушуга өзгөчө маани беришибиз керек.
Чынайым Кутманалиева