Сууну үнөмдөп колдонуп, мол түшүм алган багбандын кеңеши — ВИДЕО

14-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Айыл чарба 35

Абдулла Авазов Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылынын тургуну. Ал 2 гектар жерде алма багып өстүрөт. Быйыл кургакчылыктын айынан республиканын дээрлик бардык аймактарында сугат суусунун жетишсиздигине байланыштуу жер иштеткен дыйкандар көптөгөн көйгөйлөргө туш болушса, Абдулла Авазович мындай кыйынчылыктарга кабылган жок.

Багбан тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу үчүн 600 миң сом өз каражатын жумшаган болсо, IFAD тарабынан дагы кошумча каражат бөлүнгөн.

«Заманбап сугат технологияларын колдонуу жаратылыш ресурстарын үнөмдөөгө гана эмес, жогорку түшүмдүүлүккө өбөлгө түзөт»,- дейт багбан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X