Суусамыр өрөөнү менен Төө-Ашуудан өтүүдө сак болгула!
Чүй облустук милициясынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 22-23-24-октябрь күндөрү өлкө аймагынада аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды Суусамыр өрөөнү менен Төө-Ашуудан өтүүдө сак болууга чакырды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа ээлерине жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну сунуштады.
«Дөңгөлөктүн өз убагында алмаштырылышы айдоочуга аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу жолдогу кырдаалдарды ишенимдүү жеңүүгө мүмкүндүк берет. Бул жол кырсыктарын алдына алып, адам өмүрлөрүн сактап калууга өбөлгө түзөт», — деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, учурда кайгуул кызматынын өкүлдөрү аталган аймактарда жол тазалоо иштерин көзөмөлдөп, коопсуздукту камсыз кылууда.