Суусамырда кар көчкү астында калган жаран изделүүдө

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу жаранды 50 баш кой жана 1 аты менен кошо кар көчкү басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу Кызыл-Ой айылынын башчысы Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабар берген.

Бүгүн, 13-февралда Бороонду жайлоосунда түшкөн кар көчкүгө жалпы 29 адам жөнөтүлдү. Издөөчүлөрдүн 24ү куткаруучулар.

Аталган аймак тоолуу болгондуктан, суусамырлыктар аттары менен Кызыл-Ой айылынан жайлоого чейин 3-4 сааттык жол басышат.
ӨКМ издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.
13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X