Сузакта массалык уулануу катталды

14-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 30

Сузактын Бек-Абад айылында массалык уулануу катталды. Маалыматка ылайык, тойго бирге баргандар жылкы этине ууланышкан. Алар 11-октябрдан баштап ооруканага кайрыла башташкан. Учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө 14 бейтап дарыланууда.

Сузак райондук ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жолдошев бул окуя тууралуу Turmush басылмасына төмөнкүчө маалымат берген.

«11-октябрда бөлүмдө жаткан башка бейтаптар жакынкы ооруканаларга көчүрүлүп, тойдон ууланып кайрылгандарды жаткырып жатабыз. Жалпы 14 бейтап жаткырылган болчу. Андан кийин өзүн жаман сезип, кайрылгандар болуп жатат. Чындыгында палаталар бейтаптарга толуп калды. Ушул тапта бөлүмдө жаткан 10 бейтап райондук оорукананын атайын даярдалган палаталарына көчүрүлдү. Азыр жугуштуу оорулар бөлүмүндө кошумча орундарды кармап турабыз. Эгер жарандар бүгүн, эртең же түн ичинде кайрылса, аларга жардам көрсөтүлөт», — дейт башкы дарыгер.

Сузак Сузак РИИБдин маалыматы боюнча, Бек-Абад айылынын 1964-жылы туулган тургуну И.Р. 9-октябрь күнү жылкы союп, 10-октябрда небересине арнап той өткөргөн. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X