Сырттан ташылып келген көмүрдүн көлөмү өстү
Жыл башынан бери көмүрдүн импорту өстү. Статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, былтыркыга салыштырмалуу импорт 1,4 эсе көбөйдү. Эсеп боюнча сегиз айда 289,4 миң тонна көмүр алып келинген. Былтыркы көрсөткүч 201,8 миң тонна болгон. Импорттолгон көмүрдүн негизги бөлүгүн — 99% Казакстандын көмүрү ээлейт. Мындан тышкары Россиядан жана Кытайдан да алып келинген.