"Эркин-Тоо"

Түптө 120 орундуу бала бакча колдонууга берилди

Түп районунун Ой-Тал айылында жаӊы бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгү билдирди. 

Аталган бала бакчанын курулушу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланган.

Союз убагынан калган эски имаратты капиталдык оӊдоп-түзөөгө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 4​ миллион 530 миң сом жана эмеректерди алууга 2 миллион 568 миң сом каражат бөлгөн. Ошондой эле, өздүк салым катары Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миӊ сом бөлүнгөн.

Пример HTML-страницы