Түрк тилдүү медиафорум жалпы маданий келечек

22-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Стамбулда Түрк кеңеши уюштурган түрк тилдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин үч күнгө созулган медиафоруму башталды. Форумга Кыргызстан, Түркия, Түндүк Кипр, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин ар биринен 25тен журналисттер, медиа эксперттер, блогерлер, журналистика факультетинин окутуучулары, студенттери катышып жатышат. Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган медиафорумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасап, медиа, дезинформация, айрыкча Карабах окуясында кандай маалыматтар болгонун айтып берди. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуулары медианын бардык тармактарында бирдиктүү жеңиштерге алып келүүсүн каалады. Түрк тилдүү медиафорум жалпы маданий келечек. Андыктан, бул форумдан маданият өкүлдөрү да кур калышкан эмес. Түрк дүйнөсүндөгү телесериалдар сектору жана кино индустрия, телеканалдардын жетекчилери, сценаристтер, продюсерлер, атагы чыккан “Даңазалуу доор” түрк сериалынын продюсери Тимур Савджи, казактар тарткан “Томирис” тасмасында Томиристин ролун жараткан Альмира Турсын да катышууда. Кыргыз Республикасынан барган журналисттерди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары И.Балташев жетектеп барды. Ал делегациянын курамында “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленов дагы бар. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин достугу, тажрыйба алмашуусу, таанышуусу баарыбыз үчүн сыймык. Кесиптештерге ийгиликтерди каалайбыз!