Түркияда орусиялык куткаруучулар урандынын алдынан 150 миң доллар таап алышты

16-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24

Орусиялык куткаруучулар Түркияда турак жайдын урандыларынын астынан 150 миң доллар таап алышты. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөдөн кийинки урандыларды тазалап жатып, орус куткаруучулары 100 долларлык купюралар салынган идиш табышкан. Идиштин ичинде жалпы саны 150 миң доллар акча болгон. Табылган акча инвентаризациялоо үчүн аймактык милицияга өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы 8 тилкеде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдиргендей, куткаруучулар 9 күн ичинде урандылардын астында калган 5 адамды аман алып чыгып, 158 жарандын сөөгүн табышты.

Түркиядагы табигый кырсыктан курман болгондордун саны 41 миңден ашты.

16-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X