"Эркин-Тоо"

Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 35,4 миң адамга жетти

Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 35 миң 418 адамга жетти. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазып чыкты.

Кырсыктан жүз миңдеген жаран жабыркады. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган урандылар астындагы адамдардын баары табылмайынча куткаруу-издөө иштери жүргүзүлө турганын баса белгиледи.

Түркиянын бийлиги кийинки айдан баштап жабыркагандар үчүн 30 миң үйдүн курулушун баштайт.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.