"Эркин-Тоо"

Түркиядагы зилзала туризмге таасирин тийгизеби?

Түркия өзгөчө кооз жаратылышы, деңиздери менен дүйнө элин өзүнө тартып, туризм эң жогорку деңгээлде жүрүп келген өлкө. Европадан да Азиядан да жыл сайын агылып барган эс алуучулардын саны үзүлбөйт. Башка мамлекеттерге салыштырганда Түркиянын меймандостугу, туристтерди тейлөөнүн сапаты, бай ашканасы, адамдардын жылуу мамилелери туризмдин деңгээлин жогорулатат. Ошондой эле, атайын турлар жана күн мурунтадан отелдерден орун алып ээлеп коюу бааларынын арзаныраак болушу менен айырмаланат. Мына ушундай артыкчылыктардан улам эс алуучулар бейиштин жериндей болгон Түркияга гана баргысы келишет. Барып келгендерди да кайрадан деңиз жээги өзүнө тартат. Бул жылкы жайкы сезон кандай болот? Түркиядагы болуп өткөн зилзала туризмге таасирин тийгизеби? – деген суроолор көпчүлүктү ойлондуруп жаткан чыгаар. Андыктан биз Түркиядагы жана Кыргызстандагы туристтик агенттиктер менен байланышып, бул соболдорго жооп издедик.

“İlk yatırım” туристтик фирмасынын жетекчиси Тунжер Йылмаздын айтуусунда:

Эс ала тургандардын мейманканаларга орун ээлөө агымы уланууда. Отелдердин ачылышы боюнча пландарда эч кандай өзгөрүү жок. Жакшы сезон болот деп күтөбүз. Ал эми чет элдик туристтердин жер титирөөдөн тынчсызданып жатышы боюнча Туризм министрлиги тарабынан керектүү түшүндүрмөлөр жүрүп жатат. Зилзала болгон аймактар деңиз жээктерининен, туризм аймактарынан алыс. Анталья жана анын айланасындагы облустардын жер титирөө боюнча эң коопсуз аймак экени изилденүүдө. Атайын адистер туризм апрель жана май айлары солгун болушу мүмкүн, бирок жай айлары күчтүү болот деп ойлошууда. Мейманканалар келишимдерге ылайык ачылыш даталарын өз убагында ишке ашырышат. Көптөгөн мейманканалар учурда жер титирөөдөн жабыркагандарды кабыл алышкан. Бул сезон ачылганга чейинки убакытка чейин. Июнь айында бардык отелдер туристтерди кабыл ала баштайт. Ал эми аларда жашап жаткандар мектеп,бала бакча жана башка имараттарга көчүрүлөт. Ар бир отел буга чейин орун алган эс алуучуларды эч кандай кечиктирүүсүз кабыл алат. Эч кимдин резервациясы артка кайтарылган эмес жана кечиктирилбейт. Учуруда брондоо агымынын басаңдашы байкалууда, бул туристтик сезон үчүн көйгөй жаратпайт деп ойлойбуз.

Ал эми Түркиядагы туризм менеджери Букет Тунжер буларды айтты:

Түркиянын түштүк-чыгыш аймагындагы 10 шаарды камтыган жер титирөөнүн натыйжасында мамлекетибиз, бардык уюмдарыбыз жана жалпы элибиз бир денедей жараларды айыктыра баштады. Ал жактагы элдин турмушу кайрадан баштагыдай калыбына келет, буйруса. Түркия Республикасы 7 түрдүү кооз аймактан турган үч тарабы деңиз менен курчалган , цивилизациялардын өлкөсү. Бай тарыхы бар. Жер Ортолук деңиз, Эгей, Кара деңиз, Кападокия, Мармара жана Чыгыш Анадолу аймактарындагы мейманканаларыбыз жана бардык туристтик объектилерибиз конокторун тосуп алууну улантууда. Эгей, Мармара, Борбордук Анадолу жана Кара деңиздин бардык аймактарындагы мейманканаларыбыз да жер титирөөдөн жабыркагандарды кабыл алып жатат. Анталиядагы мейманканаларда орточо эсеп менен 700 миңдин тегерегинде орундуктар бар. Өлкөбүздө мейманканаларда туристтерди жайгаштыруу маселеси жок. Ансыз деле жер титирөөдөн жабыркагандардын көбү мейманканаларга гана эмес, мамлекеттик мекемелерге, үйлөргө, чатырларга жайгаштырылды. Биздин бардык туристтик объектилерибиз толук кубаттуулукта жергиликтүү жана чет элдик туристтерди кабыл алууну улантууда. Өлкөбүзгө көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстан мамлекетине жана элине чексиз ыраазычылык билдиребиз.

Кыргызстандан Түркияга эс алганы баргандардын саны жыл сайын арбып барат. Мисалы: 2019-жылы 118 миң болсо, 2020-жылы 500 миң, ал эми 2021-жылы 102 миң, 2022-жылы 147 миң болгон. Бул жылы да алдын ала ээлеп койгондор көп. Мындан тышкары сезон учурунда эс алууга бара тургандар бар. Биздин өлкөдөгү жагдай тууралуу “Евротур” туристтик агенттигинин директору Рамин Махмудовго кайрылдык. Ал буларды айтып берди:

Биздин агенттикте жыл сайын салт болуп калган эс алуу жайларына алдын ала брондоо январь айынан эле башталган. Бардыгына белгилүү болгондой тур пакеттерди ээлеп коюуда 40 пайызга арзандатуу бар. Андыктан мындай мүмкүчүлүктөн эч ким билеттерин артка кайтарган жок. Азыр туристтер, эс алуучулар бардык маалыматтар менен кабардар жана аң сезимдүү. Түркиянын кайсы бөлүгүндө зилзала болду, ал эми деңиз жээктериндеги туристтик аймактарында андай коркунуч жок экендигин да билишет. Биз дагы эс алуучуларга дал ошол бара турган туристтик жерлер сейсмологиялык туруктуулукка ээ экендигин түшүндүрүп жатабыз. Бизде ошондой эле Түркиянын бир катар шаарларына атайын турлар бар. Эң арзан баада 7 күнгө барып келишет. Абдан кызыктуу жана эсте калаарлык болгондуктан аны тандашып, саякаттагандар көп. Мисалы жакында эле Түркияда жер титирөө болгондон кийин 11-нен 19-февралга чейин Караколдон эс алуучу топ Истанбулдан баштап, Анталия, Коня, Кападокияга чейин барып толгон эмоциялар менен кайтышты. Негизи эле Ысык-Көлдө эс алууга кеткен чыгымдан Түркиядагы отелдерде алдын ала ээлеп эс алган арзан деп айтат элем. Белгилей кетчү нерсе, Түркияда жайкы гана сезондо эмес эс алууга жыл бою туризмге шарт түзүлгөн. Башка өлкөлөрдөн айрымаланып туристтерди тейлөөсү жогорку деңгээлде, ашканасы бай- тамактарынын көп түрдүүлүгү, калкынын меймандостугу, жылуу мамилеси ушулардын бардыгы туристтерди өзүнө тартат. Мындан тышкары, эс алуучулар үчүн Тайланд, Египет, Дубай, Вьетнам, Малазия, Индияга эс алуу жолдомолор да сатыла баштады. Камсыздандыруу компаниясы менен да бирликте кызматташып, эс алуучулар камсыздандыруу күбөлүгү менен барып келип жатышат. Ал эми Түркияга болгон эс алуучулардын сапары эч кандай токтогон жок. Жолдомолордун баасы да түшкөн жок. Өзүнүздөр көргөндөй учактардын баалары деле ошол бойдон калууда. Жалпылап айтканда, жыл сайын кандай Түркияга болгон быйылкы жайкы туристтик сезондо эч кандай өзгөрүү жок.

Ошентип,Түркияда болгон жер титирөө Кыргызстандык туроператорлор менен агенттиктердин ишине терс таасирин тийгизген жок. Жайкы эс алууга билет алган туристтер сапардан баш тартышпаптыр. Турагенттер белгилүү курорттук жайларга алдын ала сатып алган билеттердин акчасын кайтарышкан эмес. Түркиянын түштүк-чыгыш провинцияларында болгон чоң масштабдагы жер титирөөдөн улам Түркияга болгон суроо-талаптын азайышы байкалбайт. Курорттук аймактарда эч кандай зыян жок жана алар кырсык болгон аймактан алыс жайгашкан.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!