Төрага Түркестан шаарында

10-февраль, 2023-ж. / Редакция / Пресс 22

Кечээ Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Казакстан Республикасынын Түркестан шаарындагы Хазрет Султан эл аралык аэропортуна барып конду.

Делегацияны Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Жакип Асанов, Эл аралык кызматташтык, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Аскар Шакиров баштаган депутаттар, ошондой эле Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алды. Иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышып, эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөт.

10-февраль, 2023-ж. / Редакция / Пресс 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X