Түп районунун Ой-Тал айылында жаӊы бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгү билдирди.
Союз убагынан калган эски имаратты капиталдык оӊдоп-түзөөгө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 4 миллион 530 миң сом жана эмеректерди алууга 2 миллион 568 миң сом каражат бөлгөн. Ошондой эле, өздүк салым катары Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миӊ сом бөлүнгөн.