Түркия Абу Бакр аль-Багдадинин «оң колун» кармады

3-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 10

Түркияда «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин «оң колун» кармашты. Стамбул шаарынын Атасехир аймагындагы жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында үйдөн чыгып келе жаткан террорист күч кызматкерлери тарабынан кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам бир нече жыл мурун Түркияга жасалма документ менен келген. Үч жыл бою анын аты Интерполдун «кызыл бюллетенинде» катталган. Террорист ИМдин аскердик инфраструктурасы үчүн жооптуу болгон жана Сириядагы террордук актыларды уюштурууга активдүү жардам берген.
Апрель айында ИМдин лидерлеринин бири Иракта кармалганы белгилүү болду.

3-май, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 10
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X