Түркиялык журналист, памирлик кыргыз Мухаммед РУЗУБАЙ: “ЭЛИМДИН БААТЫР МҮНӨЗҮ, МАДАНИЙ МУРАСЫ МАГА РУХАНИЙ КҮЧ БЕРЕТ”
Журналист, жазуучу Мухаммед Рузубай Түркия мамлекетинде билим алып, ал жакта эмгектенип келсе да, кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн өзгөчө бир аздектелген сезимдерин сактап келет. Ал өзүнүн түпкү теги ооган кыргыздары тууралуу “Түрк дүйнөсүнүн алтын шакеги: Памир жана Памир кыргыздары” аттуу эмгегин жарыялап, ушул жылдын 16-январында ТҮРКСОЙ уюмунун имаратында китептин бет ачаары болуп өттү. Бул китеп бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттерде кызыгууну жаратууда. Өзүнүн «кыргыз» деген ата-тегине урмат-сыйды жогору койгон Мухаммед абага мындан ары да ийгилик, бакубат жашоо каалайбыз.
— Мухаммед аба, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
— Менин атым Мухаммед Рузубай. Бүгүнкү күндө Түркия мамлекетинин жараны катары ошол жакта жашайм. Бирок тегим — Памир кыргыздарынан. “Памир кыргыздары” деген түшүнүк өзү абдан кеңири. Бул тууралуу француз изилдөөчүсү Жан Батист Пакье да белгилеп өткөн. Анын айтымында, Памир аймагы жети бөлүккө бөлүнгөн ири географиялык мейкиндик болуп саналат.
Биз бүгүн Ван аймагында жашап жаткан кыргыздар – Чыгыш же Афган Памириндеги Кичи Памирден чыккан элбиз. Афганистанда Чоң Памир да бар, ал жактагы кыргыздар менен бир элбиз. Мындан тышкары Тажикстандагы Мургаб, Аличур, Ак-Байтал Памиринде, ошондой эле Кытайдын Таш-Коргон аймагында жашаган кыргыздар бар. Албетте, узак убакыт ар башка шартта жашагандыктан тилде жана турмушта айрым айырмачылыктар байкалат.
Бүгүнкү күндө “Ван кыргыздары” деп аталган боордошторубуздун саны Түркияда болжол менен 3500гө жетет. 1978-жылы Рахманкул хандын жетекчилигинде Памирден Пакистанга көчкөндө жалпы саныбыз 1500дөй гана болчу. Ошол көч учурунда мен 6-7 жаштагы бала элем.
Көч маалында бир топ оор сыноолорду баштан кечирдик. Бир нече күнгө созулган жолдо ачкачылык, оору менен күрөштүк. Акыры Түркиянын Ван шаарына келгенде жашоонун таптакыр башка деңгээлин көрдүк. Албетте, алгачкы жылдары оңой болгон жок. Ал кезде Түркияда жумушсуздук күч алып турган. Бирок бир муун өткөн соң бул кыйынчылыктар артта калды.
Бүгүн Ван аймагында жашаган кыргыздардын көбү шаардагыдай бардык шарты бар үйлөрдө жашашат. Көпчүлүгү мамлекеттик мекемелерде иштеп, туруктуу, жакшы маяна алышат.
— Кыргыз тегиңиз дүйнө таанымыңызга жана журналист катары калыптанышыңызга кандай таасир этти?
— Мен адамдын дүйнө таанымында анын улуту, маданияты жана жашаган чөйрөсү чоң роль ойнойт деп ишенем. Албетте, бир улутка таандык болуу эле адамды башкалардан жогору кылбайт. Бирок өз тарыхыңды, тамырыңды билүү — инсанга бекем таяныч, ички ишеним берет. Раса эч кимди артык же кем кылбайт, бирок элиңдин баатырдыгы, маданий мурасы сага руханий күч тартуулайт.
Кыргыз экенимди сезүү мага дайыма дем-күч берет. Айрыкча Манас сыяктуу улуу баатырдын урпагы экенибизди аңдоо өзүнчө жоопкерчиликти жүктөйт. Тарыхый жактан алганда, мен Памир хандарынын бири Токтосун хандын тукумунан болом. Чоң аталарым Каратегинде, Самаркандда, Бухарада билим алган аалым адамдар болгон. Чоң атам Токтосун хандын жээни жана баш вазири кызматын аркалаган.
Журналист жана жазуучу болушума да ата-бабаларымдын билимге болгон жакындыгы жол көрсөттү десем болот. Он жылдык изилдөөлөрдүн, талаа иштеринин жана жүздөгөн маектердин негизинде 520 беттен турган “Түрк дүйнөсүнүн алтын шакеги: Памир жана Памир кыргыздары» аттуу эмгегимди жаздым. Бул китеп — Памир кыргыздары тууралуу дүйнөдөгү эң кеңири эмгек болду десем жаңылышпайм. Китеп Түркияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Европада чоң кызыгуу жаратты.
Кичи Памирден Түркияга келген кыргыздар “Ичкилик” уруусуна кирет. Он жылдык илимий изилдөөлөрүмдүн жүрүшүндө бул кыргыздар Орус падышачылыгынын архивдеринде “Улуу Кыргыз каганатынын эң түштүк бутагы” катары белгиленгенин аныктап, китебиме киргиздим. Бул мен үчүн өтө баалуу жана маанилүү табылга болду. Ошондой эле Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар менен жети күн бирге болуп, анын эң кеңири биографиясын жазган жалгыз журналистмин. Анын Кыргызстанга болгон жылуу мамилеси мени өзгөчө кубандырган.
— Кыргызстан менен байланышыңыз кандай? Өлкөгө тез-тез каттап турасызбы?
— Жылына аз дегенде эки жолу Кыргызстанга жана башка түрк мамлекеттерине барып турам. Көбүнчө расмий чакыруулар менен илимий жыйындарга, маданий иш-чараларга катышып турам. Кыргыз мамлекетинин медиа өкүлдөрү чет өлкөлүк кесиптештерине, илим-билим жаатындагы адистерге да көңүл буруп, аларды ар кандай иш-чараларга чакырып турса дейм. Мындай маданий кызматташуулар өлкөнүн эл аралык аброю, маданий дипломатиясы үчүн өтө маанилүү фактор.
2025-жылдын октябрь айында Ош мамлекеттик университети чакырып, ал жакта бир жумадай болдум. Ош шаары — тарыхы терең, маданий мурасы бай болгондуктан, бул шаарды Самарканд, Бухара, Стамбул сыяктуу керемет, руханий жактан бай шаарлар менен катар коём.
— Журналисттик кесипке кандайча келип калдыңыз эле?
— Табиятымдан эле окууга, изилдөөгө жана жазууга кызыкчумун. Вандан Стамбул шаарына окууга барганда жашоо мен ойлогондон алда канча татаал экенин түшүндүм. Студенттик жылдары жарым күн сабакка катышып, калган убакта ресторанда иштеп, кээде китеп, гезит сатып жан бактым.
Мектепте окуп жүргөндө да гезит сатып, окуу чыгымымды өзүм жабууга аракет кылчумун. Бир күнү мен иштеген гезиттин кызматкерлеринин бири: “Сен түркчө жакшы сүйлөйт экенсиң, гезит сатуу ар кимдин колунан келет, сени кабарчы кылалы”, — деп мени редакциянын жетекчисине алып барды. Ошентип, 20 жашымда кабарчы болуп иштеп, 22 жашымда “Anadolu Agency” агенттигинде, “TRT” телеканалында кабарчы болуп иштедим. Кийинчерээк “Türkiye” жана “Milliyet” гезиттеринде, ошондой эле “Türkistan”, “Yörünge” журналдарында кабарчы, редактор кызматтарын аркаладым. Акыркы жети жылдан бери жети тилде жарык көргөн “Business Türk” журналынын башкы редактору болуп иштеп келем.
— “Business Türk” журналы кимдерге багытталган?
— “Business Türk” журналы негизинен бизнес, экономика жана башкаруу темаларын камтыйт. Журналга Нурсултан Назарбаев, Фуат Октай, Сүйүнбек Касмамбетов, Азиз Санжар сыяктуу инсандар макала жазышкан. Бүгүнкү күндө журналды “Түрк дүйнөсүнүн Economist’и” деп аташат.
— Кыргызстандын экономикасы түрк медиасында кандай чагылдырылууда?
— Акыркы жылдары Кыргызстан Түркиядагы медиаларда мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшы пикирде жазылып жатат. Илгери Кыргызстан көбүнчө кооз жаратылышы бар, бирок саясий жактан туруксуз өлкө катары мүнөздөлсө, азыр туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн мамлекет катары сыпатталууда.
Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан саясий, экономикалык жана маданий багыттарда олуттуу жылыштарды көрсөтүп, эл аралык аренада урмат-сыйы өсүп жатканын байкоого болот. Мурда көп айтылган саясий туруксуздук басаңдап, өлкөнүн тынчтык жана коопсуздук багытында өнүгүп жатканы, албетте, кубандырат.
Мындан тышкары, коңшу мамлекеттер жана Түркия менен достук мамилелердин бекемделиши келечекке ишеним жаратат. Мен муну жакшы жышаан катары баалайм жана мындан ары да эки тараптуу кызматташтык тереңдейт деген ишенимдемин.
— Түркияда журналист болуу канчалык кыйын?
— Журналистика – дүйнөнүн бардык жеринде абройлуу кесип. Түркияда да бул тармакка кызыккандар көп. Бирок кыйынчылыктары да жок эмес. Айлык акылар көп учурда төмөн, туруктуу жумуш табуу оңой эмес. Айрыкча санарип доорунда басма медиа алсырап, атаандаштык күчөдү. Ошентсе да сапаттуу, так жана терең иш алып барган журналист ар дайым өз ордун табат деп ишенем.
— Өзүңүздү кыргыз журналисти деп эсептейсизби же түрк журналистиби?
— Кыргызстан – менин ата журтум болсо, Түркия — билим алып, кесиптик жактан калыптанган өлкөм. Айрыкча Стамбул мага кең дүйнө тааным, чоң тажрыйба берди. Мен кыргыз, памирлик жана түрк экениме сыймыктанам. Бул үч тамыр менин инсандык жана кесиптик жүзүмдү толуктап турат.
— Азыркы журналист кандай болушу керек?
— Бул суроонун бир эле даяр формуласы жок. Ар кимдин өз жолу, өз стили бар. Журналистикада универсалдуу өлчөм жок. Ар бир журналист өз багытын өзү табат. Эң маанилүүсү — чынчылдык, жоопкерчилик жана кесипке берилгендик.
Эң башкысы — дайыма өнүгүп, өсүүнүн үстүндө болуш керек. Көп окуп, изденип, чет тилдерин үйрөнүшсүн. Журналист изденүүдөн, суроо берүүдөн жана үйрөнүүдөн эч качан чарчабашы керек.
Кенже Осмоналиева