"Эркин-Тоо"

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түркестан шаарына барды

Бүгүн, 9-февралда Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Казакстан Республикасынын Түркестан шаарындагы Хазрет Султан эл аралык аэропортуна барып конду.

Делегацияны Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Жакип Асанов, Эл аралык кызматташтык, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Аскар Шакиров баштаган депутаттар, ошондой эле Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алды.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышып, эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөт. Алсак, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!