Талайбек Масабиров Жапониянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады
Бүгүн, 12-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Рюити Хирано менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-жапон кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого көңүл бурулду.
Ошондой эле тараптар биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана бул багытта тыгыз кызматташуу маселелерин карашты.