Милиция Таластын “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрмө бекетинин жанындагы тамактануу жайында коронавирустун жасалма ПЧР анализдерин 1500 сомдон сатып жүргөн шектүүлөрдү кармады. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, 18-мартта шектүү иштетип жаткан тамактануу жайын тинтүү учурунда жасалма ПЧР тесттер табылган. Бул ишке тиешеси бар делген дагы бир шектүүнүн үйү тинтилип, “НР” үлгүсүндөгү ноутбук жана принтер алынган. Шектүү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ПЧР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн ноутбугуна жүктөп, коронавирустун жасалма жыйынтыгын сатып жүргөн. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 359-берене (“Документтердин жасалмасы”) менен катталып, тергөө башталды.