Талас районунда 51 млн сомдук таза суу долбоору башталды
Талас облусунун Беш-Таш айыл аймагына караштуу А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбооруна старт берилди.
Долбоордун башталышына арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Чойбеков катышты. Ал долбоордун алкагында аткарылуучу иштер, ишке ашыруу этаптары жана жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери менен таанышты.
Жалпы наркы 51 миллион сомду түзгөн долбоор айылдын суу инфраструктурасын жаңылоого жана тургундардын сапаттуу ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
Белгиленген планга ылайык, долбоордун алкагындагы иштерди 1,5 жыл ичинде бүткөрүү каралган. Натыйжада айылдагы таза суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууга шарт түзүлөт.