Талас регионалдык архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды
Адылкан Төлбашиев Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка курулуш министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Жаңы жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Аман Тургуналиев тааныштырып, кызматтык ишине ийгилик каалады.
Адылкан Төлбашиев буга чейин аталган департаменттин Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.