Таласта өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен шектүү кармалды

19-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кырсык 32

Таласта 14 жаштагы өспүрүмдү унаа менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

15-октябрда түнкү саат 03:50 чамасында «Тойота Виндом» автоунаасынын айдоочусу Манас районунун Чоң-Капка айылында жол жээгинен 14 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен. Өспүрүм ошол жерден каза тапкан.

16-октябрда кылмышка шектүү катары Манас районунун Май айылынын 30 жаштагы К.А. аттуу жараны кармалган. 18-октябрь күнү Манас райондук соту тарабынан эки айга камалды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Айдоочу Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (“Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу”) шек саналып жатат. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X