Таласта «Чыңгыз Ааламы» комплексинин курулушу 70% аяктады

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163

Талас облусунун Айтматов районунда курулуп жаткан «Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплексинин курулуш иштери текшерилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жуматаев объекттин учурдагы абалы менен таанышты.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп, объекттин жалпы даярдыгы 70 пайызды түзүүдө.

Долбоордун алкагында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка инфраструктуралык объекттер курулууда.

«Чыңгыз Ааламы» комплекси Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилип, өлкөнүн маданий мурасын таанытууга жана Таластын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X