"Эркин-Тоо"

Таласта кызматтагы адамдын диплому жасалма экени аныкталды

Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу жасалма дипломдун негизинде аталган кызматты аркалап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү  иш-чаралардын жүрүшүндө Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды.

“Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!