Таласта мектеп куруу үчүн жерди трансформациялоо иштери чечилбей жатат
Талас облусунда мектеп куруу үчүн жерлерди трасформациялоо иштери ушуну менен үчүнчү жылы катары менен чечилбей келет.
Талас облусунун Бердике айылында мектеп куруу үчүн берилген жер тилкесин трансформациялоо иштери жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Тариэль Жоробеков билдирди.
«Талас облусуна караштуу Бердике айылында жергиликтүү тургун мектеп куруу үчүн 1,5 гектар жер тилкесин берген. Бирок, бул боюнча иштер бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. Айылдын жашоочулары жана мугалимдер узак убакыттан бери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылышып, чубалып чечилбеген көйгөйлөрдөн улам мектеп салынбай турат», — деди депутат.
Эл өкүлү Жогорку Кеңештеги Министрлер кабинетинин ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, бул маселени жеке көзөмөлгө алууну өтүндү.