ТАЛАСТА «ШИРГЕ ЖЫЯР» ӨТТҮ

24-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 25

Талас районундагы Көпүрө-Базар, Талды-Булак айылынын тургундары «Ширге жыяр» өткөрүштү. Унутулуп бара жаткан бул жөрөлгөнү Өтмөк ашуусунун этегиндеги айыл эли бир топ жылдардан бери жаштарга үйрөтүп келишет. Талды-булактык Зинат апанын айтымында, “ширге жыярды” бабаларыбыз мал киндиктүү жашоосуна ылайык өткөрүп турушчу экен. Кымыз сабаанын түбүндө уюган калдыгын курут кылып тоголоктоп, жайлоодон ала келишчү. Ошол кургаган көрөңгөнү келерки жазга сактап, бээлер төлдөгөндөн тарта сакталган көрөңгө менен кымыз ачытышкан.

Жөрөлгөнүн шарты менен жайлоодон мал-жан аман кайтты деп дасторкон жазып, казан асып, айыл чогулуп, малы жокко мал берип, жаштарын үйлөнтүп айтор, айылдын маселеси каралчу экен. “Ширге жыярда” боз үй тигилип, айылдын бардык эли азыгын дасторконго жайып, айыл элине даам сыздырып, жакшы тилек айтышат. Ошол жөрөлгөнү жылда аткарган бул айылдар дыйканчылыкка караганда малчылык менен басымдуу алектенишет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X