Таласта заманбап китепкана курула баштады

12-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 33

Талас шаарында Эгемен жылдардын алкагында биринчи жолу заманбап китепкана курула баштады. Бул тууралуу «Эркин -Тоонун» аймактык кабарчысына долбоордун демөөрчүлөрүнүн бири ишкер Нурлан Мамыралиев билдирди.

«Мамлекетибиз экономикалык жактан кыйналып турганда, таластык ишкерлер жардам берели дедик. Балдарыбыздын келечегине салым кошуу үчүн, аларга билимдүү коом курушубуз керек. Ал эми билимдин кенчи китепкана», -деди ишкер.

Курулуштун үлгүсүнүн сүрөтүн, видеосун көрүп, пайдубалына капсула салышкан белгилүү тарыхчы, жазуучу журналист Арслан Капай уулу: «Таласта Лондондогудай китепкана курулуп баштаптыр» — деп белгиледи.

Белгилей кетсек, китепкананы таластык мырзалар демөөрчүлүк менен курушууда. Жер тилкени жеке ишкер белекке берген. Китепкана 3 кабаттан туруп, анын ичинде эки конференц-зал, китеп окуучу залдар, кафетерий, ийрим класстары да болот. Долбоордун жалпы баасы 300 миң долларды түздү.

Демөөрчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар жазуучунун кол жеткис китептеринен бере турганын убада кылган. Журналист Арслан Капай уулу да өз чыгармаларынан 100 даанадан китепканага тапшыраарын айтты.

Курулуш кийинки жылы бүтөөрү күтүлүүдө.

(SA)

12-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X