Таластын тургундары педофилдикке шектелген жарандын эркиндикте жүргөнүнө нааразы

5-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 24


Талас эли педофилдикке шектелип кармалган жаранды бошотуп жиберүүгө нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз баяндайт.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү 102 кызматына майкуюучу жайдын биринде бычак кармаган жаран ошол жердегилерди кууп жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда, 6-7 жашар 4 кыздын апалары арызданышкан. Арызда айтылгандай, алар жашаган көчөнүн тургуну алардын кыздарын үйүнө алдап алып барып ыпылас иштерин жасап жүргөнүн билип калышкан.

«Кыздар көчөдө ойноп жатканынан карап тургам. Аңгыча ойноп жүргөн кыздар, балдар бир Бүйгө кирип кетишти. Бул үйдө балдары жок, эмнеге биздин балдар ал жакка кирип кетишет деп ойлонуп калдым. Менин кызым, дагы бир кыз жок кирбейбиз деп бери туруп калышты. Бирок, бири бирине шыбырашып сүйлөшкөнүнөн шектенип, такып сурадым. Алар ал үйдө жашаган жигит, көчөдө ойногон балдарды киргизип алып, таттуу берип ыплас иштерин жасап жүргөнүн айтты», — деди атын атагысы келбеген жергиликтүү турган.

Жыйынтыгында, аялдардын арызы менен ошол көчөдөгү 1999-жылы туулган А. Т. аттуу жаран кармалып, соттук-эксперттик иштер жүрүп жатат жана кылмыш иштери бирдиктүү реестрине катталды деп маалыматты тактаган Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Динара Сарногоева.

Бирок, белгилVV болгондой, 4- сентябрь күнү кыздардын жакындары шектүү адам эркиндикке кое берилгени тууралуу билдирип чыгышты. Облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка таянсак, бул ишти тергеген тергөөчүнүн түшүндүрүүсү боюнча мындай жагдайда жаш балдардын берген көрсөтмөсү жетишсиз болгондуктан, атайын мыйзамга ылайык шектүүнү кармап турууга болбойт.

Антсе да соттук-экспертизалык териштирүүгө алынган иштин жыйынтыгы күтүлүүдө. Жыйынтык чыкканда гана шектүүнүн кармалаар-кармалбасы аныкталат.

Ал арада облустагы журналисттер коомчулугу бул ишке республикадагы башка кесиптештер дагы кайдыгер карабоого чакырышууда.

«Кечээ шектүүнү бошотуп коюшуптур. Кыздардын жакындары тынчсызданып кайрылып жатышат. Коомдун жарасы болгон бул көйгөйгө журналисттер журтчулугун,ЖМКлар активдүү чагылдырууга чакырат элек, — деген билдирүү тараттыПрезиденттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Бакай Абдымалик.

SA)

5-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X