Талибан АКШны ооган иштерине кийлигишпөөнү эскертти

9-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 36

Бул тууралуу кыймылдын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Аль-Жазира телеканалына билдирди.
Ишемби күнү америкалык B-52 Stratofortress аскердик учактары Жаузжан провинциясынын борбору Шиберганда талиптерге каршы абадан сокку урду. Натыйжада 200дөн ашуун талиб согушкерлери, 100дөн ашык унаа, көп сандаган курал-жарактар жана ок-дарылар жок кылынган.
Талибандын саясий кеңсесинин өкүлү Ооганстанда ок атууну токтотуу боюнча эч кандай келишим жок экенин белгиледи. Анын айтымында, Ооганстанда болуп жаткан окуяларга өлкөнүн өкмөтү күнөөлүү.
Эскерте кетсек, Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен талиптердин ортосундагы согуш бир нече жылдан бери уланып келет. Акыркы айларда айылдык жана чек ара аймактарынын чоң бөлүгүн басып алган террордук кыймыл ири шаарларга чабуулдарды баштаган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X