Талибандар чет өлкөлүк валюталарды колдонууга тыюу салышты

4-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 35

Талибдер ооганстандыктарга соода жүргүртүүдө бир гана улуттук валютаны колдонууга буйрук кылышты. Буйрукка баш ийбегендер сот жообуна тартылат.  Бул тууралуу өлкөнүн маалымат жана маданият министринин милдетин аткаруучу  Забихулла Мужахид  өзүнүн «Твиттер» социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Чет өлкөлүк валюталарды колдонуу өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизүүдө”, — дейт ал.

Эске салсак, “Талибан” кыймылы Ооганстанды күч менен басып алганы америкалык банктардагы мамлекеттик резервдин басымдуу бөлүгү тоңдурулуп, эл аралык каржы  фонддору колдоо көрсөтүүнү токтоткон.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча өлкө учурда жакырчылыктын чегине жетип, оогандыктар ачаарчылыктан жапа чегишүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X