Талибдер Забуль жана Урузган провинцияларын дагы басып алышты
Афганистандагы «Талибан» радикалдуу кыймылы (террористтик кыймыл) Урузган жана Залуль (өлкөнүн түштүк аймагындагы провинция) провинцияларын басып алышты. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги маалымдады. Эске салсак, аталган кыймыл кечээ, 13-августка караган түнү Кандагарды басып киришкен. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү согушкерлерден качып үлгүрүшкөн.
Ал эми Залуль провинциясынын жетекчисинин айтымында, провинциянын борбору Калат шаары бүгүн 13-август күнү талибдердин чабуулуна кабылган. Акыркы маалыматка ылайык провинциянын бийлик өкүлдөрү жакынкы аскердик лагерге жеткирилген, учурда аларды кооптуу аймактан чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат.
Эл аралык басылмалардын маалыматына ылайык, «Талибан» кыймылы бир ай аралыгында өлкөнүн борбор шаары Кабулга дагы чабуул жасашы толук мүмкүн.
Россия Федерациясы өлкөнүн борбор шаары Кабулда жайгашкан элчилигинин дипломаттарын өлкөдөн чыгарып кетүү чечимин азырынча кабыл ала элек. Дипмиссия аскерлердин коргоосунда турат.