"Эркин-Тоо"

Ташиев 33 жаштагы жаранга биринчи жолу өздүгүн аныктаган документ тапшырды

Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды.

Көрүлгөн чаралардын негизинде 33 жаштагы М.Чернышовго КР улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.

2023-жылдын 16-мартында Чернышов социалдык тармак аркылуу УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу жасаган.

1990-жылы биологиялык ата-энелери М.Чернышовду Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күндөн кийин аны Чернышов Алексей Максимович (1994-ж. каза болгон) жана Чернышова Татьяна Васильевна (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.

Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана КР паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.

Пример HTML-страницы