ТАСМА БААТЫР БАЯНЫ поэма

17-февраль, 2025-ж. / Редакция / Адабият 156

(Атам Ален уулу Абдыкарга)

 Адамзат алмустактан – ааламга жаралгандан,

Азгырык напсисинен – арылбай талаштардан.

 

Бир өлкө, бир өлкөдөн, бир укум жер талашып,

Айгайлап кан төгүшүп, алаамат согуш ачып.

 

Жеңгени байманалуу баатыр болуп,

Жеңилген жазаланып бакыр болуп.

 

Айтылып бүтпөй турган тарых болор,

Алмашкан бизге чейин эчен доорлор.

 

МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ

ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ ЖЫЛ

Кыргыз эл душмандарды,

Баскынчы жунгарларды,

 

Ала-Тоо аймагынан,

Калтырбай сүрүп чыкты…

 

МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ

ЖЫЙЫРМА ЖЕТИНЧИ ЖЫЛ

Калмактын аскерлери – жулук көз баатыр Сенге,

Сүрүлдү ошол жылы, Орусия – Сибиргече…

 

МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ

КЫРК ҮЧҮНЧҮ ЖЫЛДАРЫ

Эрдене аскер жыйнап, кайрадан жүрүш жасап,

Айтылуу Ала-Тоодо башталган чоң алаамат.

 

Хонтайжы Эрдененин аскери согуш ачып,

Борбордук Азияга будуң-чаң бүлүк салып.

 

Кыргыздын түндүк батыш, андагы эки аймагын,

Эрдене басып алды, бүт элге чачып каарын.

 

Түркистан түштүгүнөн түз эле Ташкенткече,

Бет алган калмак ханы Хонтайжы шол Эрдене,

 

Кыпчактын кол башчысы, Жалаңтөш аталыктын,

Сан миң кол сарбаздары, көк тиреп найзалары.

 

Агылып кыргыз, кыпчак уруулар бүт кошуну,

Алдында Көк Асаба биригип, бүт кошулду.

 

Бүт ою баскынчылык Хонтайжы Эрдененин,

Үндөрү көк жаңырткан мыкаачы аскерлерин,

 

Эрки бек жоо беттеген Ала-Тоо арстандары,

Анда да биримдикте тып-тыйпыл талкалады.

 

КӨЧМӨН ЖУНГАР ХАНДЫГЫ

Он  жетинчи кылымдын, биринчи жарымында,

Түптөлүп Ички Монгол каганында,

 

Хандыгы калмактардын Көчмөн Жунгар,

Баш ийген ал хандыкка көп уруулар.

 

Жуңгардын каары катуу шол хандыгы,

Кадимки Кытай элдин Синьцзяндагы,

 

Гоби, Такламахан чөлдөрүн басып алган,

Ал анан Түркистандан Ала-Тоого жүрүш кылган.

 

Казактын көркөмү кооз калааларын,

Талыткан куш канатын талааларын,

 

Бүт басып күтүүсүздөн согуш ачып,

Талкалап, шаар-кыштакты чаап, чачып.

 

Төгүлүп көздөн заары, калмактын Сенге ханы,

Көргөзгөн андагы элге алааматты.

 

Калмактар бүлүк салып киргенде Ала-Тоого

Көрсөткөн баатырдыгын кыргыздар мына ошондо.

 

Согушта майтарылбай кыл чайнашкан,

Кыргыздар калмактарды жеңип чыкан.

 

ХАН ШЫРДАК БАЯНЫ

Он жетинчи кылымдын болжолдуу орто чени,

Урматтаган кырк уруу – кыргыз эли,

 

Шырдак хан өз аскерин, өзү баштап,

Боштондук кыймылына кадам таштап.

 

Бүт жерин тазалоого бел байлады,

Баскынчы калмактардын кетти айласы.

 

Ош, Анжиян, Фаргана, Хива, Хожент,

Ала-Бука,  Гүлистан, Чаткал, Ташкент,

 

Кең Маргалан, Наманган, Уңгар чөлкөм,

Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Нарын, Өзгөн…

 

Кокон Ордо жар салып баардыгына,

Баш ийишкен Шырдак хан жарлыгына.

 

Эр жүрөк, байманалуу Шырдак баатыр,

Согушту сырттан карап башкарбаптыр,

 

Беттеште бийик болуп желек – туудан,

Ал дайым өзү алдыңкы сапта турган.

 

Аскерий иштеринде өзгөчө ыкчамдыгы,

Кол башчы Шырдак хандын сырттандыгы.

 

Чабуулга өзү баштап киргендиги,

Согуштун ыкмаларын билгендиги.

 

Оюнан кайра тартпас, көкжалдык, эрендиги,

Элине айкөлдүгү, пейилинин кенендиги.

 

Сөзүнүн маани жайы – салмактуу, нарктуулугу,

Калкына Шырдак хандын өзгөчө барктуулугу.

 

Ар дайым элди өзүнө имерип тартып турган,

Аброй, атак – даңкы күн сайын өсүп улам.

 

Инсандык карманганы акыйкат, намыс  болгон,

Шырдак хан эл ичинде бүтпөгөн – аңыз болгон.

 

КАЛМАКТЫН СЕНГЕ ХАНЫ, ШЫРДАК ХАНГА

НАЙХА СУЛУУНУ БЕРИП, СОГУШТУ ТОКТОТКОНУ

Издеп таап, миң амалдан бир амалды,

Калмактын Калтар сындуу Сенге ханы,

 

Жаш-кары дебей анда калыс сөз айткандарды,

Акылман ордосуна, жыйнап алды…

 

Өзүнүн жакын досу Жамайдын эрке кызын,

Никелеп зайыптыкка, беришип Шырдак ханга.

 

Куда-сөөк мамилени, мыктылап түзгөн анда,

Душмандык, кек сактоону, үзгөн анда.

 

Бир мезгил кыргыз – калмак ортосунда,

Ынтымак мына ошентип келген анда.

 

Эки эл биригишип, кырк күнү, кырк түн бою,

Добулбас коштоосунда мыкты той берген анда.

 

Хан Шырдактын токолу, Найха сулуу,

Жан эле сезимтал да, парасаттуу,

 

Акылдуу Найха сулуу, сүйдүрүп Шырдак ханды,

Бат эле хан ордодо бүт эркин бийлеп алды.

 

Сойдуруп кара койдон, иргеп тандап,

Чактырып шыйбылчагын, чучук каптап,

 

Куйругун сызык кылып, палоо басып,

Кырк мамык төшөк салып, чогуу жатып,

 

Ээрчиди  көлөкөдөй, отурса олпок,

Шырдагы – токолуна жатса жаздык,

 

Жүрөгү элеп-желеп, Найхага жетеленди,

Ошондо Шырдактагы кыял – мастык.

 

Көргөн эл Шырдак хандын бу жүрүшүн,

Аттиң деп, кайгырышып үздү үмүтүн…

 

Хан ордо ыза болуп, наалып – аарып,

Токолдун жоругуна кыжырданып,

 

Чогулуп ханга айтпай диванхана,

Таң – кечте сөз кылганы жалгыз Найха.

 

– Укпайбыз мындан ары хандын сөзүн,

Тазалап тыналы деп Найха көзүн!

 

Биз мындан айла таап кутулбасак,

Алып келет башыбызга бүтпөс азап!..

 

Деп алар тындым кылып жоготоордо,

Жеткирген ар бир сөздү тыңчылар хан ордодо,

 

Мас болгон махабатка Шырдак хандын,

Эмне укса токолуна анын баарын.

 

ШЫРДАКБЕКТИН ТОКОЛУ

БОЗ ЖОРГОНУ АЛА КАЧЫП КЕТКЕНИ

Өткөнүн, келер күнүн билгизбей бүт иликтеп,

Качууга төркүнүнө, Найха эми амал издеп:

 

Жөн качсам хан Сенге ага, эч качан макул болбойт,

Эки элдин ынтымагын бузсам анда, ал соо койбойт.

 

Эгерде Боз Жоргону ала качсам – “Гүлистан болот аалам…”

Той берет эл чакырып… Сенге хан кубангандан,

 

Бүтүндөй дубандардан, – деп  ойлоп Шырдак ханды,

Аттантып аңчылыкка, апталык жолго узатты.

 

Убакты болжоп туруп, Найха өзү минип чыкты,

Жанда жок бу чөлкөмдө Ак Боз атты.

 

Коштогон күлүк атчан Найханын бийкечтери,

Аттарын камчылашып, артынан эч жетпеди.

 

Жүрүшү Боз Жоргонун көктөгү Шумкар эле,

Жердеги канаттуудай сызар эле.

 

Хан Шырдак чөйчөктөгү кымызын да,

Чайпалтпай ат үстүнөн жутар эле.

 

Шумкардай жерде сызган, жүрүшү өзгөчө ылдам,

Боз Жорго ашты эми белес-кырдан,

 

Найханын узактагы карааны кылак-кылак,

Үзүлдү барып-барып көрүнбөй мунарыктап,

 

Көз ачып жумгучакты, күнчүлүк жолго узады.

Калтырып ара жолго, коштогон сулууларды.

 

Аялдык амал менен бат эле олжолоду,

Ошентип Найха сулуу, айтылуу Боз Жоргону,

 

Тартуулап таберигин Сенге ханга,

Төркүнгө кирип барды  бир аптада.

 

Хан Сенге көргөн кезде Боз Жоргону,

Жүрөгү кубанычтан бир толгонду.

 

“Хан Шырдак мында мага эмне демек,

Кайсы арына токолун кууп келет?!”

 

Деп ойлоп, ал чыйрала түштү дагы,

Сүйүндү эстен чыгып таажы – тагы.

 

Шектенип ишене албай Найха кызга,

Кайтартып койду аны жан сакчыга.

 

Камалды Найха сулуу үй түрмөгө,

Кылмышына – жазасы өзү күбө…

 

Кулпулап катар – катар кош коргонун,

Күчөттү кароолдорун Боз Жоргонун…

 

БОЗ ЖОРГОСУН УУРДАТКАН ШЫРДАК ХАН

КЕҢЕШЧИЛЕРИН ЧАКЫРЫП АКЫЛДАШТЫ

Эстеди “сүйөмүн…” деп Найханын кууланганын,

Баасы жок Боз Жоргону токолу уурдаганын,

 

Укканда Шырдак баатыр, асманы кулагандай,

Кайгыга батты башы, опол тоо урагандай.

 

Токолун кууп баруу, капилет чатак салуу,

Шырдакка жарашабы табалап карашпайбы?..

 

Өткөн соң бир аз мезгил, Шырдак хан курултайга,

Чакырды дос, тууганды табууга амал – айла.

 

Казактан сүрдүү досу Сары-Булуң,

Бүт келди байланышып кемер, курун.

 

Кеңешчилер Аккочкор, Зулпукар, Калматайлар,

Нөөкөрлөр капилетте акыл табар,

 

Негедир бирөө дагы ооз ачпады,

Аккочкор кеңешчиси мындай деп сөз баштады:

 

ШЫРДАКБЕКТИН КЕҢЕШЧИСИ АККОЧКОРДУН

ТАСМА ЖӨНҮНДӨ АЙТКАНЫ

– Монгол ханы Рашид Аль Музафар,

Беш жыл мурда элге бир чоң той берип.

 

Индостан, Могулстан, Персиядан,

Иран, Туран, Хивадан мейман келип.

 

Балбандар үч күн, үч түн кучунашып,

Байгелүү кайтты дешти күч сынашып.

 

Мергендер ат үстүнөн жаа тартышып,

Кыл менен илип койгон жамбы атышып.

 

А бирок үч күн бою бир да мерген,

Мелдешке катышам деп самап келген,

 

Жамбы илген кылды үзө ата алышпай,

Бир баштык жамбыны ойлоп жаталышпай,

 

Турганда, бир бейтааныш кыргыз жигит,

Тайманбай хан алдына чыгып келип,

 

Мелдешке катышууга уруксат сурады, – дейт

Эрешен[1] ханга акырын башын ийип.

 

– “Беш Жырга[2]” курултайда тандалбасаң!

Билбесем, тегиң ким да, ата-бабаң!

 

Оюндун эрежесин бузуп сени,

Кантип мен бу мелдешке катыштырам?!

 

– Уруум Адигине, өз атым Маматкадыр,

Жолжакшыдан чоң атам Жору баатыр.

 

Мелдеште дайым байге олжологон,

Айтылуу Ай Жорунун уулу болом…

 

Деп колун бооруна алып, сөздөрү салабаттуу,

Маңдайы жарык жигит, ийкемдүү, зор айбаттуу.

 

Бою да адамдардан чынында бир баш өйдө,

Толумдуу, жагымдуу эр көргөн көзгө.

 

Көздөрү алгыр куштай, караса жайнап турат,

Ар кандай адам ага көргөндө көңүл бурат.

 

Буура сан, булчуңдары боюна куп жарашкан,

Кудайым мындай шерди ааламга бир жараткан…

 

Рашид хан ойлуу карап баатырдын келбетине,

Өлүмдөн кайра тартпай таң калып келгенине:

 

– Утулсаң башың кетет! Таң калдым эрдигиңе!..

Байгеңе не сурайсың?! Айткының жалпы элге!..

 

–  Утулсам, жазалаңыз эрк сизде хан,

А эгер утчуу болсом, болобу суранычым ошондо айтсам?!

 

Дегенде тик караган көздөрүнөн,

Орундуу, кайра тартпас сөздөрүнөн,

 

Жигиттин баатырдыгын көрүп туруп,

Эрешен хан ордунан өзү туруп.

 

Мелдешке катышууга укук берди…

Мына эми жамбы атууга кезек келди.

 

Мелдештин эрежесин бекем сактап,

Жаа тартчуу аралыкты даана тактап.

 

Ат үстүнөн атканда кыл үзүлдү,

Баштыгы жамбы салган жерге түштү.

 

Удургуп, уу-дуу болуп, эл колдоду,

“Бир атып түшүрдү го” деп “болгону!..”

 

Иран, Туран, Хива, Индостандан,

Могулстан, Персия, Кыргыздардан,

 

Чогулган жети өлкө – жети ааламдан,

Көзгө атар мергендердин баары аң-таң.

 

Бул өзү кайдан келген, не деген жан?

Баатырдын көзү курч го алмаз таштан?!..

 

Рашид хан бул мелдеште жеңүүчүнү,

Жанына алдырууга буйрук берди.

 

Ийилип адеп менен Маматкадыр,

Түз басып, ызаат артып ханга келди.

 

– Азыр сен жети өлкө мергендери,

Аткардың аткара албас мыкты иштерди.

 

Көрөйүн берчи жааңды, – деп ойноп көзү,

Жаа жибин бармак менен тартып көрдү.

 

Табылгы, шилби, арчадан өзөктөрү,

Рашид хан бул куралга көңүл бөлдү.

 

– Адамдын кунунан да бийик турган,

Бир кынтык таба албадым куралыңдан!

 

Ок жонуп, жаа жасаган устаң барбы?

Канча жылда жасаттың ушул жааны?

 

– Жебени, жааны дагы өзүм жасайм,

Үч жылдан кем убакыт сарыптабайм.

 

– Куралда экен го ээ кептин баары,

Көрбөпмүн эмдигиче мындай жааны.

 

Жааңдын тасмасы укмуш жибек экен,

Так эле өзүңө окшош кылдат, ийкем.

 

Деп анын көздөрүнө тике карап,

Баатырга Тасма деген ат ыйгарат:

 

– Сага ушу Тасма деген ат көбүрөк,

Байкасам ылайыктуу, эп көрүнөт.

 

Биз сени мындан ары Тасма дейли,

Деди да эргүү алды хандын пейили.

 

– Кана эми, байгеңе эмне сурайт элең,

Сурагын, сураганың баарын берем.

 

– Туткунда тууганым бар сиздин колдо,

Байгеден артык болмок ал бошонсо.

 

Ал чындап душман эмес сиздин элге,

Болгону эркиндикти сүйгөн пенде.

 

Эч кимге кул болгусу келбейт анын,

Эркиндик үчүн сайган кара башын.

 

Эгерде бошотсоңуз алып кетсем,

Сизге абдан мен ыраазы болот элем!..

 

Увазирден хан сурады туткун жайын,

Кайра укту Тасма баатыр айткандарын.

 

Бошотту хан жарлыгын аткарышып,

Туткунду алып келди азат кылып.

 

– Сөзүмдү аткарамын бир шерт менен,

Сага мен кол башчымды кошуп берем!

 

Жаа жасап, ок жонгонду үйрөтөсүң!

Экөөң кайда барсаң бир жүрөсүң!

 

Мына бул бир ууч алтын теңге сага,

Алгының мелдеште уткан сыйлыгыңа!

 

Деди да Абди Саттар кол башчысын,

Кошту ага мыкты курал жасаш үчүн.

 

Ал экөө кайыш ийлеп, тасма ийрип,

Ок жонуп, атып көрүп бутага тик,

 

Кол башчы бүтүн баарын өздөштүрдү,

Достошуп жакшы күндөр өткөрүштү.

 

Арадан бир нече жыл өткөн кезде,

Абди Саттар кайтты анан өз элине.

 

Рашид хан койгон аты элге тарап,

Тасманын кадыры улам өсүп барат…

 

Дегенде түшүнгөн соң сөз төркүнүн,

Тасманы өзү таанып көрүү үчүн,

 

Алдырды ордосуна Шырдак баатыр,

Баш ийип, кирип келди Маматкадыр.

 

ХАН ШЫРДАК ТАСМА БААТЫРДЫ

ОРДОСУНА АЛДЫРЫП СҮЙЛӨШКӨНҮ

Ызалуу саламдашып, каргылданып,

Хан Шырдак Тасманы өзү кабыл алып:

 

– Боз Жорго таржымалын уккандырсың,

Мени да бир өлүмдөн куткарыпсың.

 

Согушта ок жаңылып, жараат алып,

Боз Жорго өзү мени ала качып,

 

Алдыман куугун тороп келатканда,

Сен баатыр пайда болуп бир заматта,

 

Талкалап жуңгарлардын сарбаздарын,

Эстедим мени аман алып калганың.

 

Ошондо эсиме келип сураштырсам,

Таба албай койгон сени бир дагы жан.

 

Тааныдым азыр сени көрөр замат,

Деп ойлоп жүргөн элем “кайсы азамат?!..”

 

Беттеште чарайнадан[3] найза батып,

Көкүрөк туштан катуу жараат алып,

 

Калмактар жолун тосуп жок кыларда,

Шырдакты Тасма өлүмдөн куткарганда,

 

Көргөндөр уламалап сөз кылышкан,

Келгендей ушул баатыр бир кайыптан.

 

– Ооба хан менин ордумда ким болбосун,

Көрсөтмөк анда сизге ал колдоосун!

 

Кызматым өкүмдарга, эл-жериме,

Аянбайм эмне кызмат колдон келсе!..

 

– Кайтарып алып келгин Боз Жоргону,

Мен үчүн наамыс бийик эң оболу!

 

Башка эч ким бул милдетти өтөй албайт,

Наамыс деп өлүмгө баш төшөй албайт.

 

Аман-соо Боз Жоргону алып келсең,

Бир тууган карындашым сага берем…

 

Оомийин… – деп Тасманы хан жолго узатты,

Алып келүү милдет жүктөп Ак Боз атты.

 

Тасма анда аргымагын ыргып минип,

Үзөңгүнү тээп туруп бир чиренип:

 

– Өкүмдар өзүңүзгө убада берем,

Боз Жоргону эки жылда алып келем!

 

Кулжа айынын башында кымыз чыгып,

Үркөр кирип кулпуга[4], жылдыз чыгып,

 

Калган кезде күткүлө ушул жерден,

Жолугалы кайрадан аман-эсен!..

 

ТАСМА БААТЫРДЫН АКЫЛМАН ДОСУ

АБДИ САТТАРГА БАРГАНЫ

Шырдак хандын журтунан чыгып Тасма,

Асакеге жол тартты кан досуна.

 

Мындай иште ойлонуп акыл кошчу,

Абди Саттар акылман монгол досу.

 

Кандай ишти болбосун акыл калчап,

Оң чечилчү жолдорун ойлоп табат.

 

Тасма досу абалды айтып берди.

– Ойлонолу кан досум, шашпа, –  деди.

 

Сен жөнүңдө аңыз кеп тараталы,

Ишенгидей ал сөзгө элдин баары.

 

А мен сени кербенге кошуп берем,

Кашкар жактан жаңы эле бизге келген.

 

Ал да муктаж жигитке эгер билсең,

Жылкы сырын сенчелик мыкты билген…

 

ТАСМАНЫН ИБРАГИМ КӨПӨСКӨ

АТКОШЧУ БОЛГОНУ

Абди Саттар кан досу Асакеде,

Кошуп берди Тасманы Ибрагимге.

 

Көпөс уйгур – соодагер Ибрагим,

Мыкты билчү чоо-жайын жунгар элдин.

 

Милдет өтөп кербенде аткошчулук,

Жунгарлардын журтуна каттап жүрүп,

 

Турфандагы Сенге хан ордосуна,

Көп каттады ал бир жыл ортосунда.

 

Абди Саттар экөөлөп, аңыз түзүп,

Тасма баатыр жөнүндө көп сөз жүрүп:

 

“Ибрагим көпөстүн аткошчусу,

Чоң саяпкер – кербендин баштоочусу…

 

Жылкы менен адамдай сүйлөшө алат,

Така согуп, ээр чабат, ат такалайт…

 

Азынаган азоону баш ийдирет,

Камбар Ата тукумунун тилин билет.

 

Аксак атты таптап ал буудан кылат,

Чобур атты таптап ал тулпар кылат…”

 

Деген сөздөр Сенгеге эбак жеткен,

Бүт өмүрү бирге өткөн жылкы менен.

 

Толуп турчу сарайы Сенге хандын,

Асыл тукум түрүнө аргымактын.

 

Көчмөн турмуш шарында көчүп жүрүп,

Арасынан малдардын ал төрт түлүк,

 

Жылкыны абдан баалачу калмак ханы,

“Минсең унаа, сатсаң пул аргымакты,”

 

Деп алдырган Карагер арабдардан,

Асыл тукум сүлүктөй Кара Буудан.

 

Азоо Буудан мингизбейт, такымдатпайт,

Жан адамды жанына жакындатпайт.

 

Саяпкерлер калмактан мыкты чыкма,

Жолой албай коюшкан аргымакка.

 

Үйрөтөм деп мактанып опурулуп,

Калмак жигит азоону мине коюп.

 

Арка мойну үзүлүп каза болгон,

Катылган жок, жан адам ошол бойдон.

 

Ибрагим көпөстүн ат кошчусун,

Сенге өзү алдырды байкоо үчүн.

 

Тасма акырын жанына басып келип,

Бууданга ал бармактай ак кант берип.

 

Сылап туруп жалынан, кулагына,

Сөз сүйлөдү бир гана атка угуза.

 

Жоошуп калды сүлүктөй Кара Буудан,

Аң-таң болду жалпы эл карап турган.

 

“Чындап эле сүйлөштү жылкы менен,

Кандай адам, бул өзү киши бекен?!..”

 

Жүгөн салып, тизгиндеп жайдак атка,

Минди Тасма секирип бир заматта.

 

Ары-бери чапкылап, азынатып,

Байлап койду тулпарды тамга асып.

 

Аны көргөн хан Сенге сунуш айтты:

– Кайдан табам мен сендей азаматты?!

 

Калып менин ордомдо кызмат кылгын!

Сага берем Сарула деген кызым!

 

Ойлобогун деп аны жөн эле кыз!..

Өз агамдан калган ал Чолпон жылдыз.

 

– Хан сунушу ал буйрук өкүмдарым,

Анан кантип буйруктан баш тартамын?!

 

Бирок азыр кербенди жолго таштап,

Калып калуум болбостур жакшы сапат.

 

Жеткирейин кербенди өз журтуна,

Сунушту айтып бүт тууган уругума.

 

Колу-жолум бошотуп кайтып келем,

Өзүңүзгө жигиттик убада берем.

 

Деп хан менен келишип жолго түштү,

Сенге баатыр Тасманы эки ай күттү.

 

Эки айдан соң Турфанга кайтып барды,

Сенге өзү Тасманы тосуп алды.

 

Бүт жылкысын өткөрүп саяпкерге,

Тааныштырды Тасманы жалпы элге.

 

Он жетиге толо элек Сарула кыз,

Жүргөн экен кайгыда сабыры суз.

 

Алакөөдөн атасы Кумылганды,

Сенге өлтүргөн агасын өз тууганы.

 

Сенге жокто минем деп Боз Жоргону,

Ажал тапкан Кумылган ал бир шордуу.

 

Жаман ою жок эле Кумылгандын,

Көрөйүн деп басыгын Ак Боз аттын,

 

Саяпкерди укпастан келип сырттан,

Боз Жоргону Кумылган минип чыккан.

 

Аны угуп Сенге хан ызасынан,

Агасынын башын шарт кыя чапкан.

 

Ошол бойдон Сарула атасынын,

Кегин сактап жашачу, абасынын

 

Ордосунда туткундай күн кечирчү,

Сенге ага байлаган бир кемпирди.

 

Кемпир аны карачуу өз кызындай,

Саруладан саамга көзүн албай.

 

Ал кемпирдин бир көзү сокур эле,

Азап тарткан акылдан шордуу неме.

 

Көзү ачыктай ал кемпир көптү билчү,

Аян берип, болор иш түшүнө кирчү.

 

Ал бир жолу Сенгеге мындай деген:

– Көзү ачыктык мен сага кылбайт элем,

 

Бутуң тайып үзөңгүдөн эңилесиң,

Кыргыздардан сен эртең жеңилесиң!

 

Аттанбагын казатка, шашпай тургун,

Акылымды сен четке какпай уккун!..

 

Десе болбой кыргызга согуш ачып,

Талкаланып аскери, өзү качып.

 

Араң келип аман-соо өз журтуна,

Ыза болуп тагдырдын буйругуна,

 

Оюп алган бир көзүн шол кемпирдин.

Деп “колдогу жеңишти сен кетирдиң!..”

 

Ана ошентип ичинде кеги калган,

Кызмат кылып Сенгеге айласыздан.

 

Ордодогу мына ушул кыйын кемпир,

Сезип турчу ичтеги сырды нээ бир.

 

Тасма жүрдү күн-түнү күлүк таптап,

Боз Жоргону баш кылып жакшы карап.

 

Жол жүргүзүп жоргону таң ашырып,

Калбасын деп туякка мык жаңылып,

 

Така мыгын соктуруп усталарга,

Өзү такалап ишенбей башкаларга.

 

Боз Жоргодой ээлирип Кара Буудан,

Жолго жүрөт кем калбай канаттуудан.

 

Саяпкери жарашып баардык аттар,

Оюн салып, туйлашат аргымактар.

 

Аны көрүп Сенге хан ыраазы болду,

“Саяпкерим мыкты деп ушул жолку…”

 

ТАСМА МЕНЕН САРУЛАНЫН МАХАБАТЫ

Саруланын санаасы тынды белем,

Баягыдай сан ойго батпай терең.

 

Жүзү албырып, көздөрү жайнап турат,

Тасма экөө эч бүтпөй маек курат.

 

Эки адам жашаган бир жүрөктөй,

Көрбөй калса сагынып бир мүнөттөй,

 

Бири-бирине арзуусу артып барат,

Бул сезимди айтууга жетпейт талант…

 

Сырдашканын алардын өзөн коштоп,

Тыңшап калат дайралар саамга токтоп.

 

Торгой угуп, таңшыбай булбул карап,

Бүркүт дагы шаңшыбай кулак салат.

 

Махабаттын тилинде жүрөк сүйлөп,

Сезим кылын табигат бирдей күүлөп,

 

Котормосуз түшүнөт бүтүн баары,

Махабаттан жаралган ыргактарды.

 

Чын сүйүүнүн өзүнүн күүлөрү бар.

Ашыктыктын түрдүү түс гүлдөрү бар.

 

Чегирткенин үнүндөй саратанда,

Жагымдуу го махабат адамзатка.

 

Жайнап көздөр, каректер кадалышып,

Жолукканда баладай тазарышып.

 

Бүт ааламды ээрчитип аркасынан,

Бири-биринен ашыктар ырахат алган.

 

Саруланы Тасма эмес тагдыр тапкан,

Сарулага Тасманы жазмыш айткан.

 

Махабатта душман жок, улут болбойт,

Сүйгөндөрдү Жараткан өзү колдойт.

 

Ашыктарды ар убак аалам сүйөт,

Ошондуктан табигат коштоп жүрөт.

 

Туңгуюкка кабылган махабатка,

Тасма баатыр табалбай такыр айла,

 

Өз ичинен сүйлөнөт кобуранып,

Аргымактай таң ашкан окуранып:

 

– Сарулам ай, сары ооз куш – бозум түлөк,

Кантип жашайт өзүңсүз мендик жүрөк?!..

 

Эр намысы сезимден бийик беле?!

Мекен жүгү сүйүүдөн ыйык беле?!

 

Элге берген убадам кайда калат?!

Сенсиз өмүр мени эми кайда алып барат?!..

 

Деп ойлонуп ушинтип азап чегип,

Тасма жүрөт бактылуу кейиптенип…

 

Ошол жылдын күзүнө күн белгилеп,

Үйлөнтүрүп экөөнү той берем, – деп,

 

Сенге байкап экөөнүн махабатын,

Көөнү жайлап, токтоткон сары санаасын…

 

КӨЗҮ АЗИЗ КЕМПИРДИН

ТАСМАГА БЕРГЕН КЕҢЕШИ

Азиз кемпир, бүт баарын жүргөн байкап,

Тасмага ал акырын бир сөз айтат:

 

– Келгениңдин максатын билем балам,

Кеңеш берем эгерде тилимди алсаң,

 

Саруланын жүрөгүн ээлеп алдың,

Алоосунда жалындап махабаттын.

 

Сенсиз жашоо эми ага жашоо эмес,

Сендей бакыт эми ага кайтып келбес.

 

Бирок сенин милдетиң такыр башка,

Өтөөң керек ак кызмат Ата-Журтка.

 

Таң ашырып минип чык Боз Жоргону,

Дарбазасын ачып кой, кош коргондун.

 

Саруланы кошуп сен Боз Жоргого,

Ала качам деп баатыр эч ойлобо.

 

Анда Сенге бүт колун курап алып,

Өчпөс өчүн алат ал кыргын салып.

 

Боз Жоргону алдырса утулганы,

Сенге үчүн мындан оор жаза барбы?!

 

Сарулага мен өзүм түшүндүрөм,

Болбойт баатыр бул жерде сенин күнөөң.

 

Жол азыгың жолуңа камдам коём,

Максатыңды ишке ашыр, ойлонбостон!..

 

Кууп жетчү артыңан Кара Буудан,

Нык тойгузуп жемге анан берип суудан,

 

Таштап кетсең бутуна жем түшкөндө,

Бир аз чуркап аксайт ал күүлөнгөндө,

 

Оттой күйүп, жалындап туягы ысып,

Баспай калат Буудандын сөөгү кызып.

 

Аны айттырбай билесиң менден жакшы,

Көп кечикпей жолго чык тосуп таңды.

 

Жигит пири Шаймерден өзү колдоп,

Жакшы жеткин журтуңа күлүп-ойноп.

 

ТАСМА БААТЫРДЫН БОЗ ЖОРГОНУ

КАЙТАРЫП АЛЫП КЕЛГЕНИ

Жолго чыкмак болду ал бүгүн түндөп,

Жоо-жарагын иреттеп, бүт түгөлдөп.

 

Жүзү турду керсары, кара тартып,

Жан дүйнөсү жанчылып, талкаланып.

 

Өз кайгысы өз жанын ууктуруп,

Улутунат баладай туруп-туруп.

 

Ажыратчуу болгон соң Саруладан,

Жолуктурбай койсоң не оо Жараткан!..

 

Боору сыздап таарылып, таарындыдай,

Жаратканга жалбарып жаны тынбай.

 

Эл намысын ойлоп өз эркин жеңип,

Атканага кирди ал түндөп келип.

 

Сүлүк Кара Бууданды жемге ныктап,

Кайра артынан дембе, дем сууга шыкап,

 

Аса байлап сарайга таң ашырып,

Боз Жоргону минди эми из жашырып.

 

Эңкейиште жайгашкан Турфан калаа,

Ойлору онго бөлүнүп салаа-салаа.

 

Бирде чөлдө, а бирде дайра бойлоп,

Саруланы бир эстеп, Мекенди ойлоп.

 

Баянголго жеткенде деңиз жээктеп,

Жалгыз бала жүрүптүр ыйлап, ээктеп.

 

Тасма баатыр тизгинин жыя кармап,

Жай сурады тилинде жунгар, калмак.

 

Байкуш бала адашып калган экен,

Уктап кетип соодагер – кербендерден.

 

Атың ким деп сураса :

– Кумылган, – дейт,

Турфан деген калаада туулгам, –  дейт.

 

“Ата-энемин көзү өтүп, жетим калып,

Күн көрөмүн кербендин жүгүн ташып…”

 

Ушул сөзүн укканда жаш баланын,

Көзгө элеси тартылды Саруланын…

 

Карап туруп ал көпкө Кумылганды,

Ойго батты: “Сарулага бир тууганбы?..

 

Атасынын атынан койгон белем…

Жок таштабайм Кумылганды алып кетем!

 

Таштап кетсем жаш бала жол таба албайт,

Ити-кушка жем болуп аман калбайт…”

 

Он, он эки жаштагы жаш баланы,

Ара жолго Тасма эми таштабады.

 

Аяп Тасма алды аны атка өңөрүп,

Үшүп калган жаш бала саал жөтөлүп,

 

Боорго басып жылытып тамак берди,

Ачка бала аптыгып абдан жеди.

 

Күнчүлүк жол жүргөндө Боз Жоргону,

Сенге байкап чуу салып кеч жоктоду.

 

Минип алып токутуп Кара Буудан,

Боз Жоргонун кууду анан ал соңунан.

 

Он чакырым жүгүрүп туягы ысып,

Чучугу ээрип, Буудандын сөөгү кызып,

 

Баспай калды сүлүктөй Кара Буудан,

Майыптыгын билдирип туягынан.

 

Сенге сезди саяпкер ким экенин,

Боз Жорго үчүн Турфанга ал келгенин.

 

Жем түшкөнүн  байкады тулпарынын,

Көргөн кезде абалын буттарынын.

 

“Учкан куш да жете албайт Боз Жоргого,

Кайттык артка эч кимиң убара болбо!..”

 

Сенге кайттып журтуна араң жетти,

Сүлүк Кара Буудандын кейпи кетти.

 

Баянголдон чыкты эми бала менен,

Деп ээрчиди бала да “калбайм сенден!..”

 

Бугур, Шахяр, Ават, Маралбашы,

Көп жол жүрүп Тасма эми Кашкарга ашты.

 

Деңиз жээктен табылган жаш баланы,

Учкаштырып басып өттү Улук-Чатты.

 

Бир бел ашса Гүлчө – Алай турат,

Андан ары Сузакка кирип барат.

 

Болжогондой эки жыл өткөн кезде,

Төрт түлүк мал жайылып жайлоо бетке.

 

Кулжа айынын башында кымыз чыгып,

Үркөр кирип кулпуга, жылдыз чыгып,

 

Калган кезде суйсалтып Боз Жоргону

Тасма келди аралап хан ордону.

 

Шырдак хандын колунан кесе ыргып,

Тосуп алды өргөдөн чуркап чыгып,

 

Төргө өткөрүп, башынан суу айлантып,

Отургузуп өргөгө эл жарданып.

 

Бүт баарысы Тасманы ороп калды,

Ошол кезде бир адам суроо салды.

 

– Учкаштырган артыңда кайсы бала?

Кирсинби ал, бүгүнкү биздин сыйга?

 

– Деңиз жээктен таап алдым бул баланы.

Өкүмдарым сунушум кабыл алабы?

 

Ата-энесиз, сагыра – Кумылганды,

Таштай албай алып келдим уруксатпы?

 

Эгер макул болсоңуз кеменгер хан,

Ини кылып асырап багып алсам.

 

– Мен каршы эмесмин Тасма баатыр!

Ат коёлу, кел имам, азан чакыр!

 

Ыйгаралы жакшы ысым, ат тапкыла,

Кимде кандай сунуш бар, тез айткыла!

 

Деңиз жээктен табылган бул баланы,

Деңизбай деп атасак жарашпайбы?

 

Айт чыныңды не дейсиң сунушумду,

Деп Шырдак хан Тасманы карап турду.

 

– Ыйгардыңыз жакшы ысым ханым ырахмат!..

Тасма ийилип ханына алкыш айтат.

 

Азан айтып, оомийин деп бата тилеп,

Ат коюшту балага Деңизбай деп.

 

Ошол күндөн экөөнүн урпактары,

“Бир тууганбыз!” – деп башка сөз айтпады.

 

“Туу көтөрүп намыска жарадың!..” – деп,

Улам алкап айта албай башка бир кеп.

 

Кубанычын Шырдак хан жашыра албай,

Той баштады ордого батыра албай.

 

Карындашын Тасмага никеледи,

Жети өлкөдөн коноктор баары келди.

 

Бир топ жерди Тасмага энчиледи,

Кемпир-Абад, Өзгөндү толук берди.

 

“Тар-Дарыянын” жээгин жердеп калды,

“Тасма баатыр!..” деп сыйлап элдин баары.

 

Айтып жүрөт бүт кыргыз сыймык менен,

“Шырдакбектин жоргосун алып келген!..”

 

Урпактары Тасманын кулач жайды,

Бир туугандай азыр да Деңизбайы…

 

Рашид Аль Музафарды Эрешен хан деп да аташчу.

Ошол мезгилдин талабына ылайык “Беш Жырга” курултайда жөндөмүнө жараша тектүү жердин улан-кыздары тандалып, эл аралык спорттук мелдештерге катышууга укук берилген.

Чарайна – ок өтпөс кийим. Ичтен (ич кийимдин сыртынан) кийиле турган, денеге кынаптап катуу металлдан (кээде калың териден, булгаарыдан) жасалган соот кийим.

«Үркөр жылдыз Кулжа айынын биринде кулпуга кирет да, Теке айынын онунда чыгат, Үркөр чыкканга чейинки кымыздын дарычылыгы чоң» деп айтышкан ата-бабалар.

17-февраль, 2025-ж. / Редакция / Адабият 156
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X