Тажикстан Кыргызстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчиси Жаныш Рустенбековго нааразычылык нотасын тапшырды.Бул тууралуу маалымат Тажикистандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.
Белгилүү болгондой, Жаныш Рустенбеков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, анда Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын жашы жете элек эки жаранын сабагандыгына байланыштуу нота алган.
Бирок, аз өтпөй Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу байланышып, анда 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап алып, уруп-согуп суракка алышкан деген маалымат чындыкка дал келбестиги айтылган. Ошондой эле, тажик тарап туура эмес маалымат тарап жатканын моюнга алган.
Мындан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районунда 19 жана 21 жаштагы жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта курулуш материалдарын коргоп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Жоголгон эки жаранды Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин алар менен бирге Тажикстанда кармалып турган алты кыргыз жараны кошо бошотулган.
Бул окуяга байланыштуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Душанбеге нота жиберген болчу.