Темир Сариев Wildberries маркетплейсинин логистикалык кампаларын Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштады

7-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 134
​Кыргыз-Орус Ишкерлер кеңешинин жыйынында КР Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүүнүн негизги шарттарын атап, маркетплейстердин тобокелдиктерин азайтуу чечимин сунуштады.
​Соодадагы 3 негизги тоскоолдук:
​Бюрократия жана регламенттер: Маркировкалоо жана техникалык регламенттердеги айырмачылыктар ишкерлерди текшерүүлөрдөн кайрадан өтүүгө мажбурлоодо.
​Чек арадагы кечигүүлөр: Макулдашылбаган санитардык контроль жана узун кезектер тез бузулуучу товарлардын сапатын жоготууга алып келүүдө.
​Маркетплейстердин тобокелдиктери: Россиядагы Wildberries логистикалык борборлорундагы өрт кырсыктары кыргызстандык өндүрүүчүлөргө түз зыян келтирүүдө.
​КР ТПП демилгеси:
Темир Сариев Wildberries жана башка ири маркетплейстердин логистикалык инфраструктурасынын бир бөлүгүн Кыргызстандын аймагында жайгаштырууну сунуштады.
​«Маркетплейстердин логистикалык кубаттуулуктарын Кыргызстанда жайгаштыруу — бул жөн гана экономикалык маселе эмес, тобокелдиктерди азайтуу. Товар бир гана ири түйүндө сакталбашы керек», — деп белгиледи Палата башчысы.
7-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 134
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X