Темирбек Асанбеков: ШКУнун негизги максаты –мамлекеттер ортосундгы коопсуздукту камсыздоо

14-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 555

– Темирбек Ишенбаевич, Шанхай Кызматташтык Уюму бүгүнкү дүйнөлүк геосаясатта кандай роль ойнойт жана негизги максаты эмнеде?

– ШКУ бүгүн дүйнөлүк саясий аренада татыктуу ордун ээлеген, таасири күчтүү эл аралык уюм болуп эсептелет. Ал Евразия аймагынын 65%ын камтып, уюмга кошулган мамлекеттердин жалпы эли 3,5–4 миллиардга жетет. Кыргызстан да ШКУнун алгачкы негиздөөчүлөрүнүн катарында болуп, 1996-жылдан бери уюмдун маанилүү саясий чечимдеринде активдүү катышууда. Бул уюмдун негизги максаты – сепаратизмге, экстремизмге жана терроризмге каршы биргелешкен аракеттерди көрүп, мамлекеттер ортосунда коопсуздукту камсыздоо.

– Быйыл ШОСтун саммити Кыргызстанда өтүп, өлкө уюмга төрагалык кылат. Бул Кыргызстан үчүн кандай саясий-экономикалык же дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн?

– Бул – Кыргызстан үчүн чоң жоопкерчиликтүү, бирок көп мүмкүнчүлүк алып келе турган учур. Дүйнөлүк саясий аброю жана таасири күчтүү ШКУнун уюштуруу иштеринин Кыргызстанда өтүшү мамлекетибиздин эл аралык аброюн көтөрүүгө жана күчөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Бардык бийлик институттары өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарышы керек. Ошондой эле кыргыз эли өз тарыхый жана маданий баалуулуктарын татыктуу көрсөтүп, саммитти жана төрагалыкты жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек. Себеби, ШКУнун саммити биздин эл үчүн сыймык, мамлекет үчүн тарыхый мааниси бар учур.

– Кыргызстан ШОСко төрагалык кылуу аркылуу региондогу же эл аралык деңгээлдеги кайсы демилгелерди көтөрүүгө аракет кылышы керек?

– Бүгүнкү күндө ШОСтун туруктуу мүчөсү болуп 9 мамлекет кошулган, дагы 2 мамлекет байкоочу статусуна ээ. Саммитке келе турган ар бир мамлекет менен Кыргызстандын мамилеси бар. Уюштуруу иштери өтө жогорку саясий деңгээлде, мамлекет башчыларынын түздөн-түз катышуусу менен аткарылат. Албетте, биздин өлкөдө түзүлгөн саясий аянтты туура пайдаланып, жеке жолугушууларда мамлекетибизге керектүү маселелерди сапаттуу чечүү абдан маанилүү. Мына ушундай жол менен биз өз позициябызды бекемдеп, региондогу жана эл аралык деңгээлдеги демилгелерди көтөрө алабыз.

– ШКУ акыркы жылдары дүйнөдөгү ири державаларды бириктирген структурага айланды. Бул кеңейүү Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн кандай таасирлерди алып келет?

– Дүйнөдө мамлекеттер арасында саясий тирешүүлөр күчөп, аймактарда ички кармаштар жана конфликттер көбөйүүдө. Коопсуздук маселеси өтө оорлоп баратат. Ошондуктан, мамлекетибиз ШКУнун активдүү катышуусу менен коопсуздук маселелерин көзөмөлдөп, региондогу туруктуулукту камсыз кылууга умтулушу абдан маанилүү. ШКУнун алкагында кабыл алынган документтерди карасак, жылдан-жылга коопсуздук гана эмес, илимий, маданий жана экономикалык маселелер да камтылып, мамлекеттер ортосунда биргелешкен чечимдер кабыл алынууда. Бул Кыргызстан үчүн келечектеги туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү.

– Кыргызстан ШКУдагы ишмердүүлүгүн жана аброюн кантип чыңдай алат?

– Кыргызстан мамлекетинин эл аралык уюмдардагы ишмердүүлүгү жана аброю биздин келечек үчүн өтө маанилүү. Ар бир чечим, кабыл алынган документ жана жүргүзүлгөн аракет мамлекетибиздин кызыкчылыгын коргоого, экономикалык жана саясий өнүгүүгө салым кошот. Саммитти жана төрагалыкты пайдаланып, Кыргызстан өз позициясын бекемдеп, региондогу жана эл аралык деңгээлдеги демилгелерди көтөрө алат. Мындай жол менен биздин мамлекет эл аралык сахнада таасирдүү, туруктуу жана жоопкерчиликтүү катышуучу катары таанылат.

– Сиз саммиттин жана төрагалык процессинин ийгилиги үчүн өзгөчө көңүл бурулган нерселерди айтып бере аласызбы?

– Албетте. Бул иш – чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мамлекетибиздин бардык институттары өз милдеттерин так жана сапаттуу аткарышы керек. Саммиттин ийгилиги – өлкөнүн эл аралык аброюн көрсөтүү гана эмес, кыргыз элинин маданий баалуулуктарын дүйнөгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү да чоң. Биз бул процессти туура уюштурсак, Кыргызстан келечекте региондогу лидер мамлекет катары таанылып, дипломатиялык жана экономикалык көп мүмкүнчүлүктөрдү ала алат.

Чынайым Кутманалиева

14-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 555
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X