"Эркин-Тоо"

TGA СТАМБУЛДА ИРИ МЕДИЦИНАЛЫК ФОРУМ ӨТКӨРӨТ

Түркиянын борбор калаасы Стамбулда, 2023-жылдын 6-8-июнунда “Саламаттыкты сактоонун келечеги” атуу ири медициналык форум өтөт. Эл аралык Конгресс,  Конвенция Ассоциациясы (ICCA) жана Ассоциациялар & Конференция (AC) Форуму менен биргеликте уюштурулган эки күндүк программага  ICCA мүчөлөрү, AC форуму, ошондой эле ассоциация мүчөлөрү жана медицина тармагындагы белгилүү адистер катышат. Жыйында, саламаттыкты сактоодогу маанилүү маселе, актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлөт. Ошондой эле бул тармакка жаш муундарды тартуу жолдору талкууланат.

Медициналык ири жыйында, ICCA жана AC форумунун биргелешкен аракеттери, саламаттыкты сактоодогу реформалар тууралуу сөз болуп, акыркы үч жылда жасалган жумуштардын жыйынтыгы чыгарылат. Саламаттык тармагын өнүктүрүүгө багытталган B2B иш-чарасы 2021-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Өткөн жылы болсо дарыгерлер B2B жыйынын алкагында Франциянын Канн шаарында жолуккан.

Аталган жыйындын экинчи бөлүгү  Түркиянын Туризмди өнүктүрүү TGAнын колдоосу менен быйыл Стамбулда өткөрүлөт. TGA Саламаттыкты сактоонун келечеги атуу жыйындын алкагында, дүйнөнүн мыкты медициналык адистерин Түркияга алып келет. Иш-чара пандемиядан кийин саламаттык жаатындагы дүйнөлүк жолугушуулардын сапатын жогорулатуу жана Стамбулдун бул тармактагы үлүшүн артырууну максаттайт. Жолугушууда саламаттыкты сактоонун мыкты адистери, медициналык ассоциациялардын лидерлери жана тармактагы кызыктар тараптар медицинага зарыл болгон өзгөртүү жана өнүгүү план, стратегияларын сунуштап, талкууга коёт. Маалымат алмашат, тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Изилдөө иштерин биргеликте жүргүзүү жолдору каралат. Ошондой эле чогулгандар, келечекте натыйжалуу, туруктуу жана глобалдуу саламаттык сактоо жолугушууларын өткөрүү үчүн жаңы чечим жана стратегияларды сунуш кылган платформа түзүшөт.

Мындан тышкары, өлкөдөгү MICE (конгресс туризми) секторунун кызыкдар тараптары ICCA AC Forum — The Future of Healthcare Meetings алдында ICCA Destination өнөктөштүгү менен даярдалган Стамбул ICCA саммитинде жолугушат. 5-июнга пландаштырылган саммит ICCA AC форумун натыйжалуу өткөрүүнү максаттайт.

Амстердамда жайгашкан ICCA уюму конгресс жана жолугушуулар секторундагы алдыңкы бирикмелердин бири болуп саналат. Уюмдун дүйнө боюнча 100гө жакын өлкөдө жана аймактарда 1 100дөн ашуун мүчөсү бар. ICCA уюму 1963-жылы негизделгенден. ICCA дүйнөлүк аренада эксплуатация, транспорт жана жайгаштырууда адистешкен, эл аралык жолугушуулар жана иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча беделдүү ассоциацияга айлана алды. Уюмдун мүчөлөрүнө шаарды илгерилетүү жана маркетинг кеңселери, конгресстерди жана конференцияларды уюштурган эл аралык агенттиктер, меймандостук кызматтарын көрсөткөн башка компаниялар жана жолугушууларды жана жайгаштыруу кызматтарын көрсөткөн жайлар кирет. ICCA өз мүчөлөрү арасындагы кызматташтыкты арттыруу жана байланыштарды бекемдөө үчүн глоболдуу денгээлде иш алып баратат. ICCA өз мүчөсү Түркия менен Дестинация өнөктөштүк келишимине кол коюп,  маанилүү кызматташтыкты ишке ашырып келе жатат. Лидерликке жана конгрессти башкарууга багытталган AC Forum өзүн-өзү башкаруучу ассоциациялар тарабынан түзүлгөн жалгыз уюм катары өзгөчөлөнөт. Коммерциялык кызыкчылыктардан алыс, билгенин башкалар менен бөлүшкөн, тажрыйба жана идеяларын ачык талкуулаган, кеңешүү, өнүгүү бел байлаган миңдеген мүчөлөр конгресстин ишин алга жылдырып, ассоциациянын лидерлигин ар тармакта арттырып келе жатат.

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!