Тигүүчүлөргө жана электрондук соодага салыктык жеңилдиктер сунушталды
Жогорку Кеңеште тигүү жана текстиль өндүрүшүнө, электрондук соодага салыктык жеңилдиктерди берүү, ошондой эле гипс жана каптоочу табигый таш казып алууга роялтинин ставкасын төмөндөтүү сунуштары талкууланды.
12-октябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу өткөрдү.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдиргендей, мыйзам долбоорунда 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан субъекттерди бирдиктүү салыктан жана отчет берүүдөн бошотуу каралган.
Ошондой эле гипс жана каптоочу табигый таш казып алуу үчүн роялтинин ставкасын 3 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Учурда гипс үчүн ставка 6 пайызды, каптоочу табигый таш үчүн 12 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, мамлекеттик баалуу кагаздардан алынган кирешелерди пайда салыгынан жана киреше салыгынан бошотуу, салыктык көзөмөлдү өркүндөтүү жана айрым материалдарды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу тартибин тактоо каралган.
Талкуу учурунда депутат Камила Талиева тигүү тармагына берилүүчү жеңилдиктерди колдоп, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана чыгармачылык союздарына салыктык жеңилдиктерди берүү маселесин көтөрдү. Депутат Гүлшаркан Култаева базарларда салык чогултуу тартибине жана базар администрациясынын жоопкерчилигине көңүл бурду.
Мыйзам долбоору Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленип, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда кабыл алынган.